Аймак

ЖЕР ТИЛКЕСИНИН ДОКУМЕНТИ ЖОК ЖАРАНДАРГА КЫЗЫЛ КИТЕП БЕРИЛЕТ

ЖЕР ТИЛКЕСИНИН ДОКУМЕНТИ ЖОК ЖАРАНДАРГА КЫЗЫЛ КИТЕП БЕРИЛЕТ

 1,086 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы жер тилкесине документи жок эле турак жай курган жарандарга жер мунапысы менен кызыл китеп бериле баштады.

Жалал-Абад шаарынын мэри  Эрнисбек Ормоков мыйзамсыз үй куруп алган бир катар жарандарга жер мунапысы менен жер участогуна жеке менчиги жөнүндөгү мамлекеттик актыларды тапшырды. 

Белгилей кетсек,  шаарда  документи жок  1785 үй, 140 гектар жер аныкталган. Жер мунапысы жарыялангандан бүгүнкү күнгө чейин алардын 200дөн ашууну жер мунапысына туш келип, турак жайларын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүлүүдө. Мындан улам шаар бийлиги тийиштүү документи жок жашап жүргөн турак жай ээлерине жер мунапысын пайдаланып, кызыл китеп алууга чакырат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17