Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин ЖЫЛЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин ЖЫЛЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

 867 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 12-январда Жалал-Абад ОИИБдин 2022-жыл ичинде аткарган жумуштарынын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешме болуп өттү. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам кеңешмеге ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Алгач өткөн жыл ичинде өз кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн бир катар кызматкерлерге өз кесибинин мыкты наамдары ыйгарылды. Ошондой эле облус аймагындагы ички иштер органдарынын Ардагерлер кеңештеринин мыктылары аныкталып, 1-орунга Аксы РИИБдин Ардагерлер кеңеши татыктуу болду.

Андан соң ыкчам кеңешменин экинчи бөлүгү башталып, өткөн жылы аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасалды. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев кызматта кетирилген бир катар кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде жоюу тапшырмасын койду. Милиция кызматкери кийип жүргөн формасына татыктуу болуусун, жарандардын арыз-даттанууларын көңүл сыртында калтырбай, мыйзам чегинде чечип берүү зарылдыгын айтып өттү. Элге сервистик тейлөө көрсөтүү, профилактикалык иштерди күчөтүү, катталган кылмыштардын бетин ачуу жана алдын алуу зарылдыгын белгиледи.Ар бир жетекчи кол астындагы кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүү менен биргеликте аларга катуу көзөмөл жүргүзүп, кызматтык тартипти так сактоосун талап кылды.

Нурбек Абдиев ыкчам кеңешменин соңунда 2023-жылда ийгиликтер коштоп, өлкөбүздө туруктуулук өкүм сүрүп, өнүгүп өсүүсүнө тилектештигин билдирди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17