Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА “АК КАЛПАК” КҮНҮ МАЙРАМДАЛДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА “АК КАЛПАК” КҮНҮ МАЙРАМДАЛДЫ

 771 Бардыгы /

Өзбекстандын Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар, 5-март “Ак калпак” күнүнө карата жергиликтүү айыл Өкмөтүнүн башчысы Кенжаев Абдижалилдин колдоосу менен маареке өткөрүп, оюн-зоок уюштуруп, элге чоң майрамдык концерт тартуулады.

Майрамга Жизак обулустук администрациясы, Достук районунун акими жана башка коноктор келип жылуу сөздөрүн айтышып куттукташты. Бул дагы болсо бизге коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Миромонович Мирзиёевдин Өзбекстанда жашаган улуттарга кам көрүп, өз маданиятын сактап калуусуна жасаган иш арекети. Айта кетчүү нерсе, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев алгачкы ишини Манас айылынан баштап, кырк беш күндүн ичинде жергиликтүү Кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу максатында заман бап үйлөрдү салып берген.

Маалымат: Азыркы Жызак облусунун аймагы X-кылымда Саманиддер доорунда пайда болгон. Андан кийин Караханиддердин жана Ануштегиниддердин-Хорезм шахтардын түрк династиялары башында турган мамлекеттердин курамында болгон.  1220-жылы Монголдор тарабынан басып алынып, Чагатай улусунун курамына кирген. 1370-жылдан Амир Темурдун империясынан кийин Мирзо Улугбектин мамлекетинин курамында болгон.

1756-жылдан 1866-жылга чейин Жызак Бухара эмирлигинин курамында болгон, аны өзбектердин Мангыт династиясы башкарган.

1866-жылы Жызакты Россия империясы басып алып, Түркстан генерал-губернаторунун курамына кирген. 1922-жылдан 1991-жылга СССР курамында болгон.

1924-жылга чейин азыркы Жызак облусунун аймагы Самарканд облусунун курамында болуп, анда Жызак району түзүлгөн.

1936-жылга чейин Жызак облусунун аймагынын түндүк бөлүгү РСФСРдин (Кыргыз жана Казак Автономиялык Советтик Социалисттик Республикаларынын курамында), андан кийин 1956-жылга чейин Казак ССРинин курамында болгон.

1956-жылы бир республикада пахта монокультурасын өнүктүрүү максатында Ач-Талаа облусунун бир бөлүгү (азыркы Навои, Жызак жана Сырдарыя облустары) Өзбекстанга өткөрүлүп берилген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17