Аймак

ӨЗГӨНДӨ ЖЕР КӨЧКҮ ТУРАК ҮЙДҮ БАСЫП КАЛДЫ

ӨЗГӨНДӨ ЖЕР КӨЧКҮ ТУРАК ҮЙДҮ БАСЫП КАЛДЫ

 969 Бардыгы /

ОШ. Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчкү бара-бара активдешип, а түгүл бир турак жайды басып калды.

Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Жалил Алиев маалымдашынча, ушул жылдын 26-мартында эртең мененки саат 07:00гө карата жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, андан ары мал сарайга 10 метр аралык калган. Белгилей кетчү жагдай: 22-мартта таңга маал жер көчкү түшүп, Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги 18 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Ушундан улам көчүрүлгөн калктын убактылуу баш калкалоосу үчүн ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган. Ушул тапта толук кандуу шарт түзүү максатында электр жабдууларын орнотуу иши аяктап, таза суу менен камсыз этилди.

Мындан тышкары “Улуттук Кызыл-Ай ” коому тарабынан эки даана чатыр дагы онотулуп, анда штаб жана медпункт жайгаштырылды. Азыркы учурда убактылуу жашап жаткан 81 жаранга төшөнчү, гигиеналык каражаттар жана тиричилик буюмдары берилди. Эске салаарыбыз: ушул жылдын 22-мартында Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 миллион м3 жер көчкү түшкөн.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17