Аймак

ИШКЕР АЙЫМДАРГА “SMM МАРКЕТИНГ” БОЮНЧА АКЫСЫЗ КУРС ЖҮРҮҮДӨ

ИШКЕР АЙЫМДАРГА “SMM МАРКЕТИНГ” БОЮНЧА АКЫСЫЗ КУРС ЖҮРҮҮДӨ

 630 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. “Ковид мезгилинен кийин аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарындагы №75 кесиптик лицейде 17-40 жашка чейинки айымдар ʏчʏн SMM маркетинг боюнча атайын 2 жумалык окуу курсу ачылып, окутуу жүрүп жатат.

Бул алгачкы пилоттук курстун максаты – ишкер айымдардын санарип билим-шыктарын өркʏндөтʏп, продукцияларын онлайн сатууга өбөлгө тʏзʏү жана ишкер айымдардын социалдык экономикалык өнʏгʏʏ программасына салымдарын кошууга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏү. Бул окутууда адистикке ээ болгон пилоттук аймактардагы, ѳзгѳчѳ аялдар арасында жумушсуздуктун азаюсунун алдын алууга көмөктөшөт. Ошондой эле социалдык-экономикалык сферада информациялык-коммуникациялык технологияларды (ИКТ) колдонуу активдʏʏ жолго коюлат.   Долбоор “2022-2026-жылдарда аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү” мамлекеттик программасынын максаттарына ылайык, Жалал-Абад облустук  өкүлчүлүгүнүн колдоосунда иш алып барып жатат. 

Долбоор алкагында “SMM маркетинг” боюнча буга чейин былтыркы жылдын декабрь айында Жалал-Абад, Нарын облустарында 40 ишкер айымдар үчүн 5 күндүк тренингдер өткөрүлгөн. Ал ишкер айымдар учурда онлайн ресурстарды колдонуп, ишкердиктерин өнүктүрүп жатышат.

Долбоор Кыргызстанда АКШ элчилигинин демократиялык комиссиясы тарабынан каржыланып, «Доор» коомдук фонду жана «СКС Жалал-Абад» коомдук фонду менен өнөктөштʏктө аткарылып жатат. Курска пилоттук аймактардан сырткаркы райондордон да келип, үйдө олтуруп, онлайн жумуш жасоону эңсеп жүргөн айрым айымдар балдарын ээрчитип көтөрүп келип да окуп жатышат. Бул окуу курсу айымдар үчүн керек болгондуктан акысыз жүргүзүлүүдө.

Аэлина АЛИШЕРОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17