Аймак

ОШ ШААРЫНДА АБСАМАТ МАСАЛИЕВДИН 90 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА МИТИНГ-РЕКВИЕМ ӨТКӨРҮЛДҮ

ОШ ШААРЫНДА АБСАМАТ МАСАЛИЕВДИН 90 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА МИТИНГ-РЕКВИЕМ ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,194 Бардыгы /

ОШ.  Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин туулган күнүнө карата митинг-реквием өткөрүлдү.

Маанилүү иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу, легендарлуу парламенттин депутаттары, Ош шаарынын ардагерлер Кеңешинин өкүлдөрү, бир катар эмгек сиңирген мамлекеттик ишмерлер, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышышты. Аталган эскерүү иш-чарасынын алкагында Абсамат Масалиевдин эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, анын Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүшүнө кошкон зор салымы дагы баса белгиленди.

Эске салчу жагдай: быйыл Президент Садыр Жапаровдун «Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө»  Жарлыгына ылайык, Кыргызстандын бардык аймагында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17