Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,378 Бардыгы / БИШКЕК.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Баткен облусунда өндүрүштүк-логистикалык борборду ишке киргизди. Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) техникалык колдоосу менен “Бий Көк” кооперативинин базасында түзүлгөн логистикалык борбор Кыргыз Республикасынын улуттук мектеп тамактануу программасын туруктуу ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Борбор […]
1,379 Бардыгы / БИШКЕК.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Баткен облусунда өндүрүштүк-логистикалык борборду ишке киргизди. Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) техникалык колдоосу менен “Бий Көк” кооперативинин базасында түзүлгөн логистикалык борбор Кыргыз Республикасынын улуттук мектеп тамактануу программасын туруктуу ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Борбор […]
УЛУТТУК МЕКТЕП ТАМАКТАНУУ ПРОГРАММАСЫНЫН ТУРУКТУУЛУГУ ҮЧҮН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНДҮРҮЛГӨН АЗЫК-ТҮЛҮК
27.04.2023 / Автор anarkan_kg

1,380 Бардыгы /
БИШКЕК.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Баткен облусунда өндүрүштүк-логистикалык борборду ишке киргизди.
Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) техникалык колдоосу менен “Бий Көк” кооперативинин базасында түзүлгөн логистикалык борбор Кыргыз Республикасынын улуттук мектеп тамактануу программасын туруктуу ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Борбор мектептер менен жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу байланыш түзүп, жакшыртылган логистикалык чынжырдын жардамы менен жергиликтүү дыйкандарга жаңы базарларда соода кылууга мүмкүнчүлүк берет.Бул пилоттук борбордун иш-аракеттери ийгиликтүү аткарылса, аны үлгү катары өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
“Мектеп тамактануусу маанилүү ролго ээ, өкмөт балдардын ден соолугун биринчи орунга коюп, адам капиталына инвестициялоо – келечекке карай мыкты салым деп эсептейт. Билим берүү жана илим министрлиги БУУ ДАТП менен биргеликте мектеп тамактануу программасынын туруктуулугун камсыздоо максатында жигердүү кызматташып келет”, – деп билдирди Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев.
Логистикалык борбор үч объекттен турат: жашылча сактоого ылайыкталган кампа жана изотермикалык унаа, кайра иштетүү комплекси жана мектептердеги айыл чарба продукциясынын сапатын текшерүү үчүн мобилдик лаборатория. Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн каржылоосу менен БУУ ДАТП борборду керектүү жабдуулар, изотермикалык унаа жана мобилдик лаборатория менен камсыз кылып, ошондой эле тамак-аш коопсуздугу жана сапаты боюнча мыйзамдарга, эрежелерге жана стандарттарга ылайык иш алып барууну камсыз кылуу максатында техникалык жана жөнгө салуучу көрсөтмөлөрдү берди.
“Биз Орусия Федерациясынын өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын улуттук мектеп тамактануу программасына көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдиребиз”, – деди Кожиро Накай, БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы өкүлү жана директору. “Бул салым менен биз ББИМдин мектептер менен жергиликтүү дыйкандардын ортосунда байланышты, ошондой эле мектептерге жергиликтүү өндүрүлгөн азык-түлүктү борборлоштурулган жеткирүүнүн туруктуу үлгүсүн түзүү аркылуу улуттук мектеп тамактануу программасындагы мүмкүнчүлүктөрүн бекемдейбиз”, – деп кошумчалады.
Улуттук мектеп тамактануу программасы БУУ ДАТПнын колдоосу менен 850дөн ашуун мектептеринде ишке ашырылып, башталгыч класстагы 232 000ге жакын бала ысык тамак-аш менен камсыз болууда. Жыл сайын БУУ ДАТП мектептерди азык-түлүк жана ашкана жабдуулары менен камсыз кылат, мектеп ашканасынын инфра түзүмүн жакшыртат, ошондой эле мектеп ашпозчуларына мектеп тамагын коопсуз даярдоо боюнча окутууларды өткөрөт. БУУ ДАТП жамааттарга жана ата-энелерге тура тамактануу жана мектеп тамактануу жаатында дагы иш-чараларды уюштуруп келет.
***
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.
Биздиhttps://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstanкоомдук медиадан тапсаңыз болот.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
16.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШКО ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАЛПЫ 200 ТОННАЛЫК ГУМЖАРДАМ КЕЛДИ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.