Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,957 Бардыгы / ОШ. Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Байка Текстиль» фабрикасынын расмий ачылыш аземине АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери катышты. «Байка Текстиль» ишканасы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген заманбап тигүүчү шаймандар менен жабдылды. Жалпы наркы 100 миң долларга бааланга жаңы жабдуулардын арасында тигүүчү жана бычуучу машиналар, футболка жана башка буюмдарды тигүүчү […]
1,958 Бардыгы / ОШ. Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Байка Текстиль» фабрикасынын расмий ачылыш аземине АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери катышты. «Байка Текстиль» ишканасы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген заманбап тигүүчү шаймандар менен жабдылды. Жалпы наркы 100 миң долларга бааланга жаңы жабдуулардын арасында тигүүчү жана бычуучу машиналар, футболка жана башка буюмдарды тигүүчү […]
USAID «БАЙКА ТЕКСТИЛЬ» ИШКАНАСЫН ЗАМАНБАП ТИГҮҮЧҮ ШАЙМАНДАР МЕНЕН ЖАБДЫДЫ
02.05.2023 / Автор anarkan_kg

1,959 Бардыгы /
ОШ. Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Байка Текстиль» фабрикасынын расмий ачылыш аземине АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери катышты. «Байка Текстиль» ишканасы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген заманбап тигүүчү шаймандар менен жабдылды.
Жалпы наркы 100 миң долларга бааланга жаңы жабдуулардын арасында тигүүчү жана бычуучу машиналар, футболка жана башка буюмдарды тигүүчү заманбап шаймандар бар. Жаңы имараттын курулушуна жана кошумча жабдууларды сатып алууга «Байка Текстиль» компаниясы 330 миң доллардан ашык инвестиция жумшады.
– USAIDдин колдоосу аркасында алынган заманбап жабдуулардын жардамы менен продукциябыздын сапатын жогорулата алдык. Өндүрүшүбүздүн көлөмү 15 пайызга өстү, – деп билдирди «Байка Текстиль» фабрикасынын директору Каныбек уулу Байымбет.
«Байка Текстиль» өз ишмердүүлүгүн адегенде Бишкектен баштаган. Бирок, Кыргызстандын түштүгүндө жумуш орундарын көбөйтүү максатында ишкананын негиздөөчүлөрү өндүрүштү Ош облусуна көчүрүүнү чечкен эле. Компания өз имаратын куруп, өндүрүшүн кеңейтерээри менен жумушчулардын саны 80ден 400 адамга чейин көбөйдү.
– Акыркы төрт жылдын аралагында АКШ өкмөтү USAID уюму аркылуу «Байка Текстиль» сыяктуу 120дан ашык ишканага гранттык колдоо көрсөткөн. Мындай колдоо, бүткүл Кыргыз Республикасынын аймагында, өзгөчө айымдар үчүн, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк жаратты, – деп баса белгиледи АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери.
Ошентип, аталган заманбап жабдуулар USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун алкагында гана берилди. Долбоор Текстиль өнөр жайы, азык-түлүк өндүрүшү, айыл чарба, маалымат технологиялары, каржы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканаларга өндүрүш көлөмүн жана сатымдуулугунун кеңейүүсүнө гана түздөн-түз көмөк көрсөтөт. Негизги максаты – Кыргыз Республикасында жумуш орундарын көбөйтүү. Беш жылдык долбоордун жалпы бюджети 23 миллион АКШ долларын чапчыды. 2018-жылдан бери аталган бул долбоордун алкагында USAID 120дан ашык ишканага түздөн-түз колдоо көрсөттү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮН ТАШЫГАНДАР ЧҮЙ ДАРЫЯСЫНДА КАРМАЛЫШТЫ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР БЕРҮҮ ФАКТЫЛАРЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.