Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ӨЧПӨС ОТ” ЖАНДЫРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ӨЧПӨС ОТ” ЖАНДЫРЫЛДЫ

 972 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 6-май күнү “Элдик фронт” коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, теле алып баруучу Юлия Барановская  жана теле алып баруучу, блогер Екатерина Шугаева  Москвадагы “Белгисиз жоокердин” эстелигиндеги өчпөс  оттун бир бөлүгүн Жалал-Абад шаарына алып келди.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

конокторду Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад  шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова  баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Андан соң “Жеңиш” эс алуу паркындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде Өчпөс отту жагуу иш-чарасы болуп өттү. Өчпөс отту концлагердин уткуну Валентина Симоненко күйгүздү.Иш-чарага Президенттин  Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад  шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Ооган согушунун жана Баткен окуясынын ардагерлери, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жана коомдук  уюмдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Гүлбарчын Таштанбекова Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун Улуу Жеңиш майрамына карата куттуктоосун жолдоп, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, жыл сайын Улуу Жеңиш майрамын утурлай Жалал-Абад шаарына Москвадагы “Белгисиз жоокердин” эстелигиндеги өчпөс  оттун бир бөлүгүн алып келүү жана “Жеңиш” эс алуу паркындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексиндеги Өчпөс отту жагуу иш-чарасы өткөрүлөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17