Аймак

“ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУ

“ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУ

 1,188 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 9-май Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата Тогуз-Торо районунда “Өлбөс полк” парады уюштурулуп, ага “Макмал  Голд Компани” ишканасынын эмгек жамааты жана мекеме- ишканалар, мектеп окуучулары катышты.

“Макмал  Голд Компани” ишканасынын маалымат борбору билдиргендей,”Өлбөс полк” жүрүшү Бектен көчөсү менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, Тогуз -Торо райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын  алдынан өтүп Т.Кожалиев көчөсү менен Ж.Кыдыров атындагы паркка чейин уланды. Андан соң 1941-1945- жылдардагы Улуу-Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып тургузулган эстеликтин алдына гүл-чамбар  коюлуп, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ок  атылып, согушта элдин эркиндиги, өлкөбүздүн көз карандысыздыгы үчүн жан берип курман болгон ата-бабаларыбызды 1 мүнөт эскерген соң, алардын арбактарына багышталып  куран окулду.

«Урматтуу Тогуз -Торо районунун тургундары 1941-1945-жылдары Улуу Ата-Мекендик  согушта  душман менен салгылашып, кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим кылуу менен Улуу Жеңиш майрамы кут болсун демекчибиз. Кийинки муундун өкүлдөрү –  кайсы мезгилде, кайсы жерде болбосун, согушта жан бергендерди унутпай, ардагерлерибизге башыбызды ийип, оруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ар дайым жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, андай алаамат согуш эч качан кайталанбасын. Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, дүйнө эли менен ынтымакта, биримдикте жашайлы!

Дагы бир ирет Улуу Жеңиш Майрамыңыздар кут болсун!», – дешет “Макмал  Голд Компани” ишканасынын эмгек жамааты

Жеңиштин урматына арналган иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Тогуз -Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким М.Карагулов баштаган бир катар мекеме жетекчилер куттуктоо сөздөрүн сүйлөгөн соң, концерттик программа  тартууланды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17