Аймак

ОШ ШААРЫНДА КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН САКТАЛЫШЫ ТЕКШЕРИЛДИ

ОШ ШААРЫНДА КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН САКТАЛЫШЫ ТЕКШЕРИЛДИ

 672 Бардыгы /

ОШ. Кыргыз Республикасынын Түштүк башкалаасында көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы дыкаат текшерилди.

Ошентип, Ош шаар мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы Нурлан Закиров жана муниципалдык менчик башкармалыгы, МАБтын кызматкерлери менен биргеликте “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында атаайын рейд өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана дагы “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талабына жооп бербеген 11 ижарачыга эскертүү жасалды. Шаар боюнча жалпысынан 48 соода-сатык жайлар, бассейндер текшерилип, бир катар мыйзамсыз орнотулган жана эскилиги жеткен жарнамалар алынып салынды.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамдарынын талабына тапатакыр жооп бербеген жана калаанын көркүн бузган көрнөк-жарнактарга рейд жүргүзүү мыдан ары дагы бир ай ичи ырааттуу түрдө улантылат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17