Аймак

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ  КАБЫЛ АЛДЫ

 774 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 23-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, 5-июндан 11-июнга чейин Казахстандын борбору Астана шаарында өткөн самбо боюнча “Азия жана Океания-2023” чемпионатында  98 кг салмак категориясында күмүш медалды багындырган Бекназар Жээмырсаевди, 10-17-июнь күндөрү өткөн тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионатында биринчи орунду багындырган Апал Абдымомунованы жана 3-орунду камсыздаган Акмарал Садыкованы кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктады.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору маалымдагандай,

Эрнисбек Ормоков шаарыбыздан чыккан спортчуларды жергиликтүү бийлик ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Үпөл Абдымомунова Монголия мамлекетинин Улгий шаарында боло турган Азия чемпионатына жолдомо алды. 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17