Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
967 Бардыгы / Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 5-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында “Клооп” басылмасынын иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Ал иликтөөдө аталган “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди. Орун басардын айтымында, компания Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын жана трансформаторлорду модернизациялоо үчүн 1,5 млрд. сом сала турган болду. Ишкана салган каражатынын ордуна “электр […]
968 Бардыгы / Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 5-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында “Клооп” басылмасынын иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Ал иликтөөдө аталган “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди. Орун басардын айтымында, компания Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын жана трансформаторлорду модернизациялоо үчүн 1,5 млрд. сом сала турган болду. Ишкана салган каражатынын ордуна “электр […]
МИНИСТРЛИК “КЛООПТУН” КАМБАР-АТА-2 ГЭСИ БОЮНЧА ИЛИКТӨӨСҮНӨ ЖООП БЕРДИ
06.07.2023 / Автор anarkan_kg

969 Бардыгы /
Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 5-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында “Клооп” басылмасынын иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Ал иликтөөдө аталган “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди.
Орун басардын айтымында, компания Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын жана трансформаторлорду модернизациялоо үчүн 1,5 млрд. сом сала турган болду. Ишкана салган каражатынын ордуна “электр энергиясын ГЭСте иштелип чыккандагы баа менен алат жана анын баасы кеминде 50 тыйындан жогору болот”.
Ал ошондой эле компания алган электр энергиясын кайсы багытта колдонушун Энергетика министрлиги көзөмөлдөбөй турганын, алар каалаган тармакка иштетерин айтты. Долбоорду мамлекет өзү ишке ашырганга каражаты жок экенин, ошол себептүү жеке компанияга берилип жатканын кошумчалады.
“Сунушта дата-борбор болот деп жазылган. Маалымат борбор болобу, майнингби, биз ага аралаша албайбыз. Азыр биз эч кандай пайда көрбөй элебиз да. 30 мегаваттын ордуна бизде нөл болуп жатпайбы. Бизге ошонун ордуна 30 мегаватт берилип туруп, модернизацияны жүргүзгөнүбүз оң болуп жатат”, деди Байгазиев.
Анын айтымында, модернизациялоо иштери бүткөн соң ГЭСтеги бир агрегаттын кубаттуулугу 120 мегаваттка жетет. Ошондо компания жогоруда сөз болгон электр энергиясындагы үлүшүн алып баштаса болот. Быйыл кышында бул кубаттуулук 70 мегаваттка жетет.
4-июлда “Клооп” басылмасы жарыялаган иликтөөдө Министрлер кабинети Камбар-Ата-2 ГЭСинен 30 мегаватт электр энергиясын “МБТ Стройго” эч кандай сынаксыз берүү чечимин чыгарганы айтылат.
Ишкана Камбар-Ата-2 ГЭСинен иштелип чыккан электр энергиясын өткөрүү системасын модернизациялап, инфраструктурасын жакшыртышы керектиги макалада жазылган.
Ал салган инвестициясынын акысы катары алган электр энергиясын майнинг фермага жумшай турганы да белгиленген. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы “МБТ Строй” азырынча Камбар-Ата-2 ГЭСинин аймагына майнинг ферма үчүн керектүү шаймандарын орното электигин “Клоопко” билдирген.
Макалада компаниянын артында Максим Бакиевдин өнөктөшү, чуулгандуу иштерде аты аталган Алексей Ширшов турушу мүмкүн экени кошумчаланган. “МБТ стройдун” жетекчиси Алексей Зайцевдин атына катталган Кыргызстандагы эки компаниянын дареги “Кыргызтемир” өндүрүш базасына жазылганын көрсөткөн.
“Бул жайды он беш жыл мурун Максим Бакиевдин айланасындагылар басып алган, база азыр да аларга карайт. 2022-жылы Зайцев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кыргыз жарандыгын алган. Ушул эле жарлыктын негизинде Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мурдагы жетекчиси Евгения Судец жана Владимир Андросик да жарандык алган”, – деп жазат басылма.
Министрдин орун басары “МБТ строй” кызматташуу боюнча сунуш берген жалгыз компания экенин, кызыкдар болгон бардык компания менен кызматташууга министрлик ачык экенин белгиледи.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 2010-жылы ишке берилген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
25.02.2025 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНА ЖАҢЫ АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР АЛЫНДЫ
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg «ЫЙМАН НУРУ» ДЕПУТАТ СУЛТАНБАЙ АЙЖИГИТОВДУ ФРАКЦИЯДАН ЧЫГАРДЫ
-
13.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ АЧЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.