Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,096 Бардыгы / Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Кесиптик лицейи аталган ЖОЖдун курамынан биротоло чыгарылып, республикабыздын билим берүү жана илим министрлигигнин түздөн-түз карамагына гана өткөрүлдү. Мунун чоо-жайын эгемендүүлүк энчиленген окуу жайдын жаңы директору Адылбек МАМЫШОВдон сураштырдык. –Адылбек агай, мынчалык чукул өзгөрүүнү жасоого Сиздерди эмне мажбурлады экен? -Байкагандырсыз. Агартуу тармагында министрибиз Каныбек Иманалиев тарабынан […]
1,097 Бардыгы / Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Кесиптик лицейи аталган ЖОЖдун курамынан биротоло чыгарылып, республикабыздын билим берүү жана илим министрлигигнин түздөн-түз карамагына гана өткөрүлдү. Мунун чоо-жайын эгемендүүлүк энчиленген окуу жайдын жаңы директору Адылбек МАМЫШОВдон сураштырдык. –Адылбек агай, мынчалык чукул өзгөрүүнү жасоого Сиздерди эмне мажбурлады экен? -Байкагандырсыз. Агартуу тармагында министрибиз Каныбек Иманалиев тарабынан […]
Адылбек МАМЫШОВ: “ЗАМАН ТАЛАБЫНА ЖАРАША АДИСТЕРДИ КЫСКА МӨӨНӨТТӨ БЕЛЕНДӨӨГӨ БЕКЕМ ЫКТАДЫК!”
04.08.2023 / Автор anarkan_kg1,098 Бардыгы /
Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Кесиптик лицейи аталган ЖОЖдун курамынан биротоло чыгарылып, республикабыздын билим берүү жана илим министрлигигнин түздөн-түз карамагына гана өткөрүлдү. Мунун чоо-жайын эгемендүүлүк энчиленген окуу жайдын жаңы директору Адылбек МАМЫШОВдон сураштырдык.
–Адылбек агай, мынчалык чукул өзгөрүүнү жасоого Сиздерди эмне мажбурлады экен?
-Байкагандырсыз. Агартуу тармагында министрибиз Каныбек Иманалиев тарабынан реформа дээрлик башталды. Ошол себептүү бизди дагы моминтип автономиялуу окуу жйына айландырып олтурушат.
–Буга дейре лицей кайсыл кесиптин ээлерин белендечү эле?Сиздердин макамыңыздарга жараша мындан ары багытыңыздар дагы өзгөрбөйбү?
-Жо-жок! Башынан эле төрт багыттагы адистерди даярдап келатабыз. 9-класстын базасында тикмечи (швея) белендейбиз. А аны бүтүшкөндөр диплом менен кошо жетилүү атетесатын дагы алышат. Ал эми 11-класстын базасында тигүүчү (портной) даярдалат. Буларга диплом гана энчиленет. Ал эми 11-класс даражасында чачтарачтарды жана электр жабдулаарын оңдоочу усталарды, ошондой эле ширетүүчүлөрдү дагы окутабыз.
–Контракт акысы кымбат эмеспи?
-Албетте, биздин бааларды Антимонополия агенттиги такай көзөмөлдөп турат. Андыктан, ашыкча нарк коюуга кымындай акыбыз жок! Тигүүчү жана тикмечи кесиптерин тандагандар жыл сайын 6500 сом төлөшөт. А чачтарачты тандагандар жылына 9000 сом казынага контракт сыңары төлөп турушат.
–Ошентсе дагы, бүтүрүүчүлөрдү туруктуу жумуш менен камсыз кылуу жагы кантти экен?
-Албетте, рынок талабына ылайык гана кесип ээлерин даярдаганга биз дагы бекем ыктадык. Жумуш берүүчүлөр менен түптүз байланыштабыз. Буга улай ата-энелер жана окуучуларыбыз дагы өздөрү ыкчам жумуш табууга бизге үзгүлтүксүз көмөктөшүп гана келатышат.
–Адылбек агай, Сиз адис сыңары айтыңызчы? Дегеле
Кыргызстанда кесиптик билим берүүнүн – лицейлердин келечеги барбы? Анткени, өлкөбүздүн эконоомикасы бара-бара өйдөлөп, а түгүл заманбап завод-фабрикалар дагы улум көбөйүп баратпайбы?
-Эсиңиздеби? Тээтигил СССР заманында калкыбыздын талабына ылайык бизде рембыттехника, сантехника, анан дагы машина оңдоо тармагы абдан эле өнүкккөн. Азыр бул өңүт дагыле кайрадан жанданып, өнүгүү нугунда баратпайбы. Демек, биз дагы кейиптик лицейлерди дал ушул нукка гана токтоосуз буруубуз кажет! Антпесек, ирденбейбиз жана албан ийгиликтерден деле таптакыр кол жууйбуз?!?
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
25.08.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЗУУЧУ ОЛЖОБАЙ ШАКИР ЭКИ АЙГА КАМАЛДЫ
-
-
07.09.2023 / Автор anarkan_kg НООКАТ РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫНЫН КОШ ЖАРАНДЫГЫ ЫРАСТАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.