Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА СААТЫНА 80 ТОННА АСФАЛЬТ ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД КУРУЛУП ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА СААТЫНА  80 ТОННА АСФАЛЬТ ЧЫГАРУУЧУ  ЗАВОД КУРУЛУП ЖАТАТ

 621 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын  Тайгараев аймактык башкаруусунда 1,5 гектар жер аянтына  жаңы асфальт-бетон чыгаруучу завод курулуп жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, учурда заводдун орду даярдалып, жабдыктары алынып келинди. Адистердин белгилөөсүндө жакынкы күндөрү заводду  куруу жумуштары жүргүзүлүп, ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилет. Асфальт-бетон заводунун жанына атайын таш талкалоочу (драбилка) жабдык да орнотулат.

Завод республикалык бюджеттен  Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө   бөлүнгөн    2 млрд. сомдун эсебинен каржыланууда. Ага 53 млн. 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал ишке кирсе, 20дай адам жумуш менен камсыз болот.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17