Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
841 Бардыгы / Газдаштыруу боюнча жигердүү иштер Бишкектин «Төкөлдөш», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек-Турбаза» жана «Ала-Арча» калктуу конуштарында жүрүүдө, ошондой эле иштер Чүй облусунун Новопавловка жана Селекция айылдарында да башталган. Жакын арада компания «Бакай-Ата», «Жогорку Көк-Жар», «Попеновка» жана «Товарная» калктуу конуштарына ишмердигин жаят. Жыл башында борбор калаанын «Кырман» калктуу конушунда жаратылыш газын берүү ишке ашырылган. Бул тууралуу аталган […]
842 Бардыгы / Газдаштыруу боюнча жигердүү иштер Бишкектин «Төкөлдөш», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек-Турбаза» жана «Ала-Арча» калктуу конуштарында жүрүүдө, ошондой эле иштер Чүй облусунун Новопавловка жана Селекция айылдарында да башталган. Жакын арада компания «Бакай-Ата», «Жогорку Көк-Жар», «Попеновка» жана «Товарная» калктуу конуштарына ишмердигин жаят. Жыл башында борбор калаанын «Кырман» калктуу конушунда жаратылыш газын берүү ишке ашырылган. Бул тууралуу аталган […]
«ГАЗПРОМ КЫРГЫЗСТАН» 2023-ЖЫЛЫ 12 КАЛКТУУ КОНУШТУ ГАЗДАШТЫРУУНУ ПЛАНДАШТЫРУУДА
14.08.2023 / Автор anarkan_kg843 Бардыгы /
Газдаштыруу боюнча жигердүү иштер Бишкектин «Төкөлдөш», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек-Турбаза» жана «Ала-Арча» калктуу конуштарында жүрүүдө, ошондой эле иштер Чүй облусунун Новопавловка жана Селекция айылдарында да башталган. Жакын арада компания «Бакай-Ата», «Жогорку Көк-Жар», «Попеновка» жана «Товарная» калктуу конуштарына ишмердигин жаят. Жыл башында борбор калаанын «Кырман» калктуу конушунда жаратылыш газын берүү ишке ашырылган. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы газдаштырыла турчу калктуу конуштарда газ бөлүштүрүүчү тутумдардын долбоордук узундугу 218 км түзөт:
Бишкек:
«Төкөлдөш» к/к – 11,3 км
«Ак-Тилек» к/к– 6,5 км,
«Ак-Тилек-Турбаза»к/к – 4 км
«Ак-Тилек-2» к/к– 4,3 км
«Ала-Арча» к/к– 12,2 км
«Бакай-Ата» к/к– 16,2 км (иштерди 2024-жылдын февралына чейин аяктоо пландалган)
«Жогорку Көк-Жар» к/к– 4,1 км
«Попеновка» к/к– 2,5 км
«Товарная» к/к– 3,8 км
Чүй облусу
Селекция а. – 7,7 км
Новопавловка а. – 146 км (бул калктуу конуштагы курулуш иштер 2023-жылдын соңуна чейин жүргүзүлөт жана 2024-жылы да улантылат, жаратылыш газын берүү жумуштар аяктаганга жараша этап-этабы менен жүзөгө ашырылат).
Жаңы райондорду газдаштыруу Кыргыз Республикасын газдаштыруунун Башкы схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.
Компания республика боюнча 42 калктуу конушту газдаштырды, аларда 45 миң турак үй жайгашкан. 2023-жылдын аягына чейин дагы 10 миң турак жайды камтыган 11 калктуу конушка газ өткөрүү пландалууда.
Эгерде бир турак үйдө кеминде 5 адам жашаарын эске алсак, анда жаратылыш газга жеткилик алган жашоочулардын саны 275 миң адамдан ашат.
Газ менен жылытууга өтүү – убакыттын талабы. Өзгөчө бул маселе өлкөдөгү энергетикалык кризистин шарттарында актуалдуу. Ордо калаадагы олуттуу экологиялык көйгөйлөрдөн улам көмүр жагып, үйдү жылытуу да ылайыксыз.
Жаратылыш газы – ден соолук үчүн коопсуз жана жылуулуктун салттуу булактарына жеткиликтүү альтернатива. Аянты 100 чарчы метр үйдү жылытуу үчүн айына 406 кубометрдей жаратылыш газы керектелет. Мындай көлөмдөр 7 714 сомду түзөт.
Көмүр
Эгерде ушул эле үйдү көмүр менен жылытсак, анда чыгымдар 7 371 сомду түзөт, анткени кеминде 1 тонна 229 кг көмүр зарыл болот. Бир тонна көмүрдүн орточо баасы бүгүнкү күндө 6 миң сомдой турат.
Электр энергиясы
Эгерде жылытуу булагы катары электр энергиясын алсак, анда ушундай эле аянттагы үйдү жылытканга айына 4 421 киловатт-саат энергия керек, бул керектөөчүгө 8 389 сомго айланат.
Отундун ар кандай түрлөрү менен жылытууга болгон баалар анчейин деле айырмаланбайт, бирок жаратылыш газы экологиялык таза жана энергоэффективдүү булак болуп эсептелет. Буга байланыштуу экологдор газдаштырылган райондордун тургундарына көгүлтүр отко өтүүнүн өтө зарылдыгын эскертишет.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
-
01.06.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД МИЛИЦИЯСЫ БАЛДАР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРДҮ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.