Аймак

ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН СЫЙЛАДЫ

ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН СЫЙЛАДЫ

 1,050 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ичиндеги бөлүмдөрүндө иш кагаздардын электрондук түрдө алмашуусун камсыз кылуу багытында иш-чаралар уюштурулуп, “Укук” электрондук документ жүгүртүү тутуму толук кандуу долбоор иретинде ишке ашырылгандыгы үчүн прокуратура кызматкерлери сыйланды.

КР ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы менен Абдылдаев Нуртай, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” Мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары; Кенешбеков Бекзат Кенешбекович, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесинин конструктору; Кубулбеков Шамиль Кубулбекович, Кыргыз
Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесинин бизнес-талдоочусу сыйланышты. Ал эми ИИМдин ардак грамотасы менен Ботбаев Алибек Алмазбекович, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесинин программисти; Жумабеков Раатбек Байышович, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесинин программисти; Мажидов Заур Анзорович, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесинин программисти; Нышанова Акылай Марленбековна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук”  мамлекеттик мекемесинин программисти; Тыналиев Эрбол Джаныбекович, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесинин программисти; Юсупов Улукбек Турсунович, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесинин директору сыйланышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17