Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
2,557 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Алай районунда 15 973 кожолук бар. Ушунча үй-бүлөдө 92 321 киши жашап жаткан чагы. Булардын канчасы жакырчылыкта жансактап, ал эми Кыргыз Өкмөтү тарабынан кыйналып-кысталгандарга кандайча заманбап камкордуктар көрүлүп жаткандыгын Алай районунун акиминин орун басары Алтынбек БОЛБУР уулунан сураштырдык. -Алтынбек мырза, сак-саламатсыздарбы? Эли-журтуңуздар деги тынч бекен? -Кудайга шүгүр! Ата Журтубаз тыптынч, ал эми […]
2,558 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Алай районунда 15 973 кожолук бар. Ушунча үй-бүлөдө 92 321 киши жашап жаткан чагы. Булардын канчасы жакырчылыкта жансактап, ал эми Кыргыз Өкмөтү тарабынан кыйналып-кысталгандарга кандайча заманбап камкордуктар көрүлүп жаткандыгын Алай районунун акиминин орун басары Алтынбек БОЛБУР уулунан сураштырдык. -Алтынбек мырза, сак-саламатсыздарбы? Эли-журтуңуздар деги тынч бекен? -Кудайга шүгүр! Ата Журтубаз тыптынч, ал эми […]
Алтынбек БОЛБУР уулу: “СОЦИАЛДЫК КОНТРАКТТЫН АТКАРЫЛЫШЫН ТАКАЙ КӨЗӨМӨЛДӨП ТУРАБЫЗ!”
22.01.2024 / Автор anarkan_kg2,559 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Алай районунда 15 973 кожолук бар. Ушунча үй-бүлөдө 92 321 киши жашап жаткан чагы. Булардын канчасы жакырчылыкта жансактап, ал эми Кыргыз Өкмөтү тарабынан кыйналып-кысталгандарга кандайча заманбап камкордуктар көрүлүп жаткандыгын Алай районунун акиминин орун басары Алтынбек БОЛБУР уулунан сураштырдык.
-Алтынбек мырза, сак-саламатсыздарбы? Эли-журтуңуздар деги тынч бекен?
-Кудайга шүгүр! Ата Журтубаз тыптынч, ал эми журтташтарыбыз эсен-түгөл.
-Кыргыз Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык паспортторду толтурууну киргизүү” жөнүндөгү токтому Алай жергесинде кандай өңүттө аткарылууда?
-Сиз эске салган Кыргыз Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык паспортторду толтурууну киргизүү” жөнүндөгү токтому өлкөбүздө 2000-жылдын 19-апрелинде эле жарык көрүп, дароо ишке киргизилген. Буга ылайык районубуздагы 14 Айыл Өкмөтү тарабынан 7890 үй-бүлө аз камсыз этилген деп табылып, булардын баарына тең социалдык паспорттор түзүлгөн.
-Деги булардын канчасы чынгыгы жакырчылыкта жансакташат экен?
-Социалдык паспорт түзүлгөн 7890 кожолук районубуздун жалпы калкынын дээрлик 34,1 пайызын гана түзөт. А булардын арасынан 2625 үй-бүлө – өтө жакырчылыкта (33,3 пайыз), 1695 үй-бүлө – орто жакырчылыкта (21,5 пайыз) жана 1822 үй-бүлө накта жакырчылыкта (23,1 пайыз) жашап жатышат.
-Ушуга жараша мамлекет тарабынан жөлөк пул алгандар деле арбыгандыр?
-Алай районунда жөлөк пул алуучуларга ай сайын 14 миллион 114 миң 300 сом төлөнөт. Бул көрсөткүч өткөн 2023-жылдын декабрына карата 162 миллион 164 миң 474 сомду чапчыды. Демек, 2022-жылга салыштырганда узаган 2023-жылда социалдык жөлөк пул алгандар дээрлик 87 адамга көбөйдү.
-Кары-картаңдардын, мындайча айтканда, пенсионерлердин деле катары уламдан улам калыңдап бараткандай?
-Ушул күнгө карата биздин районубузда 11 816 пенсионер бар. Буларга ай сайын 1 миллиард 178 миллион 37 миң сом пенсия төлөнүп турат.
-Бул өңүттө адаттагыдай коррупция жок бекен?
-Пенсия чектөөдө Сиздер күмөн санаган коррупциянын, анан дагы тааныш-билишчиликтин аты түгүл жыты жок! Анткени, 9027 карыябыз пенсиясын коммерциялык Банктар, ал эми 2789у “КыргызПочта” мамлекеттик ишканасы аркылуу гана алып турушат. Пенсиянын орточо көлөмү 9526 сомду чапчыды. Менимче, бул азыркы шартта күнүмдүк керектөөгө толук кандуу жарайт!
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 “Кыргыз Республикасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык паспортторду толтурууну киргизүү” жөнүндө токтому Сиздерде кандайча жүзөгө ашырылууда?
-Аталган “Кыргыз Республикасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык паспортторду толтурууну киргизүү” жөнүндө токтомуна ылайык Алай районунда биз атайын комиссия түзгөнбүз. Курамында ар өңүттөгө дасыккан адистер бар. Алар келип түшкөн 302 жарандын арыздарын өтө дыкаат караштырып, ошондой эле булардын бизнес-пландарын өздөрүнүн катышуусунда дагы орой-чарай талкуулап, анан гана протоколдук чечимге токтолгонбуз. Ошентип, баарына тең 100 миң сомдук социалдык көмөк көрсөтүлдү.
-Алтынбек мырза, ал эми социалдык контракттын кандайча аткарылышын Сиздер көзөмөлдөп дагы турасыздарбы?
-Ананчы! Биздин социалдык кызматкерлерибиз 302 үй-бүлөнүн социалдык контрактты кандайча жүзөгө ашырып жатышкандыктарына такай мониторинг жүргүзүшүп, анан текшерип дагы турушат. А түгүл керек кезде кеп-кеңеш дагы берип, дагыле жол көрсөтүп жатышат.


Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg СЕГИЗ ИШКАНА КЫТАЙДЫН ЭКСПОРТТУК ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ
-
14.02.2025 / Автор anarkan_kg БЕЛГИЛҮҮ ЖУРНАЛИСТ НАРЫНБЕК ИДИНОВ 72 ЖАШЫНДА ДҮЙНӨ САЛДЫ
-
25.02.2025 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНА ЖАҢЫ АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР АЛЫНДЫ
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg «ЫЙМАН НУРУ» ДЕПУТАТ СУЛТАНБАЙ АЙЖИГИТОВДУ ФРАКЦИЯДАН ЧЫГАРДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.