Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
508 Бардыгы / Жалал-Абад облусунда жалпы 404 күнөскана каттоодон өткөн. Аларда негизинен цитрус өсүмдүктөрү, жашылча жемиштер жана гүл өстүргөндөр арбын. Булардын баары тамчылатып сугаруу же жамгырлатуу ыкмасын колдонушат. Адистердин айтымында күнөсканада өскөн жемиштерден 3 ирет түшүм алууга болот. Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасын колдонуу эффективдүү экендигин дыйкандардын 1,5 миң тонна түшүм алуусунан байкалууда. Сузак районуна караштуу […]
509 Бардыгы / Жалал-Абад облусунда жалпы 404 күнөскана каттоодон өткөн. Аларда негизинен цитрус өсүмдүктөрү, жашылча жемиштер жана гүл өстүргөндөр арбын. Булардын баары тамчылатып сугаруу же жамгырлатуу ыкмасын колдонушат. Адистердин айтымында күнөсканада өскөн жемиштерден 3 ирет түшүм алууга болот. Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасын колдонуу эффективдүү экендигин дыйкандардын 1,5 миң тонна түшүм алуусунан байкалууда. Сузак районуна караштуу […]
Максат АБДЫРАЗАКОВ, жеке ишкер: “ТУУРА ЫКМАЛАРДЫ КОЛДОНУУ – МОЛ ТҮШҮМ АЛУУГА АЛЫП БАРАТ”
30.01.2024 / Автор anarkan_kg510 Бардыгы /
Жалал-Абад облусунда жалпы 404 күнөскана каттоодон өткөн. Аларда негизинен цитрус өсүмдүктөрү, жашылча жемиштер жана гүл өстүргөндөр арбын. Булардын баары тамчылатып сугаруу же жамгырлатуу ыкмасын колдонушат. Адистердин айтымында күнөсканада өскөн жемиштерден 3 ирет түшүм алууга болот. Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасын колдонуу эффективдүү экендигин дыйкандардын 1,5 миң тонна түшүм алуусунан байкалууда.
Сузак районуна караштуу Түрк-Абад айылынын жашоочусу Максат Абдыразаков да 2 гектар жер аянтына күнөскана куруп, помидор көчөт эгип жеке ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал Голландиянын Канава сортундагы помидор көчөтүн сырттан алдырып, учурда түшүмүн алып, киреше көрө баштаган. Каарманыбыздын ишмердүүлүгү тууралуу кененирээк билүү максатында суроолор менен кайрылдык.
– Ишкердикти кантип баштап калдыңыз?
– Биз жаштайыбыздан дыйканчылык кылчубуз. Мурда үй-бүлөм менен кичинекей күнөскана куруп, анда эрте жазга жашылча жемиш көчөт отургузуп, сатып иш жүргүзүп келгенмин. Иштин көзүн билип калган соң чоң күнөскана курууну максаттап, инвесторлордун көмөгү менен 2023-жылы 2 гектар жер аянтына күнөскана куруп, ага 70 миң помидор көчөт олтургуздум. Буйруса, көчөттүн алдыңкы түшүмүн алдым.
-Эккен көчөтүңүз кандай сортто, аны өстүрүү ыкмасы жана келечектеги пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
-Голландиянын Канава сортундагы помидордун уругун сатып алып, өзүбүз эгип көчөт кылдык. Бул уруктагы көчөт жерге тигилгенден баштап 160 күндө бышып жетилип, түшүм бере баштайт. Көчөттөрдү өткөн жылдын июнь айынан олтургузганбыз. Ноябрдан түшүм алып баштадым. Ишти жаңы баштаганданбы, айтор максатталган пландан аз түшүм алдым. Негизи туура ыкмаларды пайдалануу менен жакшы түшүм алууга чыгасын. Мен көчөттү тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуп, ага кошумча биогумс менен азыктандырдым. Негизи помидор көчөтү биологиялык жактан алып караганда сууну көп талап кылбайт. Ошентсе да тамчылатып сугаруу менен сууга бир топ үнөм болууда. Келечекте помидордун жаңы башка көп түшүм берүүчү сортунан тигип, ага кошумча котур бадыраң эгүүнү пландап жатам.
-Канча жумушчуну жумуш менен камсыз кыла алдыңыз, аларга кандай шарттар түзүлгөн?
-Жумушчуларга келсек, такай 5 адам эмгектенет. Көчөт эгүү, түшүм жыйноо мезгилинде 15тей кошумча жумушчу күчтү тартабыз. Жумушчулар тамак-аш менен алган маянасынан сырткары камсыздалышат. Маяналары жумасына берилет. Иш убактысы башкалардай эле 8 сааттык жумуш. Бизге жергиликтүү калктан айрыкча айымдар ишке тартылган.
– Мамлекет тарабынан кандай колдоо болуп жатат?
-Мамлекет тарабынан негизи айыл чарба багытында ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды, чет мамлекеттерден элита уруктарды, жер семирткичтерди базар баасынан арзан баада берилип келет. Мен айыл өкмөттөн 2 гектар жер аянтын 5 жылдык мөөнөткө ижарага алдым. Дагы колдоолор болсо керек.
-Түшүмдүн баасы кандай болууда, сатууда кыйынчылык жокпу?
-Түшүмдү өзүбүздүн Жалал-Абад шаарындагы базарга, Ош аймагына сатууга чыгарып жатам. Ал бир иштин баштаганда кыйынчылыгы болот, айрыкча соода да. Азыр “Глобус”, “Азия” сыяктуу чоң маркеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштадык. Ал эми баасына келсек сортуна карап 100-120 сомдон сатууга чыгарып жатабыз.








Маектешкен: Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
17.02.2026 / Автор anarkan_kg БШК №13 ОКРУГДАГЫ ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ ШАЙЛОО КҮРӨӨСҮН КАЙТАРЫП БЕРЕТ
-
17.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ
-
-
28.02.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗМАТТЫК ЖАСАЛМАЧЫЛЫК БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.