Аймак

ӨЛКӨДӨ КАРЫЗДАРДЫ ОНЛАЙН ТЕКШЕРИП, АНДАН АРЫ ТӨГҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮЛДҮ

ӨЛКӨДӨ КАРЫЗДАРДЫ ОНЛАЙН ТЕКШЕРИП, АНДАН АРЫ ТӨГҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮЛДҮ

 270 Бардыгы /

Мамлекеттик Салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды онлайнтекшерүү, андан ары ыкчам төлөө кызматын ишке киргизди.

          Эми www.Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу аралыктан туруп эле салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер жана смартфон аркылуу текшерип, ушуга улай төлөөгө болоорун мамлекеттик Салык кызматынан кабарлашты.      

          Ошентип, аталган кызмат салык төлөөчүлөрдү салык органдарына, банк мекемелерине баруудан, же төлөм терминалдарын издөөдөн, туура эмес төлөө тобокелдиктеринен дагы бошотот. Бул кызматты колдонуу жөнүндө кошумча маалыматты www.Cabinet.salyk.kg сайтындагы “Руководства” бөлүмүнөн дагы алууга болот.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17