Аймак

БАТКЕНДЕ ЭКИ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ КУРУЛАТ

БАТКЕНДЕ ЭКИ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ КУРУЛАТ

 681 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында курама командалардын машыгуусу үчүн эки футбол аянтчасы курулат. Бул туурасында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев шардана кылды.

          – Футбол аянтчасынын бирижасалма чөп менен курулат. Ал эми экинчиситабигый чөптөн жасалат, – деп кошумчалады Баткен облусунун жетекчиси Абдыкарим Алимбаев.

          Айтмакчы, аталган демилгени жергиликтүү бийлик менен Кыргызстан футбол федерациясы биргеликте жүзөгө ашырмакчы. Ошондуктан, Баткен облусунун жетекчиси Абдыкарим Алимбаев Баткен облустук футбол биримдигинин жетекчиси Айбек Ражаповду соёку сааттарда кабыл алып, анын алдына футболго кызыккандарды  туруктуу  колдоо жана жер-жерлерде кыздар арасында спорттун бул түрүн ыраатуу өнүктүрүү милетин дагы кошо койду.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17