Аймак

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ӨЗБЕКСТАНДЫН ОШТОГУ БАШКЫ КОНСУЛУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ӨЗБЕКСТАНДЫН ОШТОГУ БАШКЫ КОНСУЛУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 522 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолугушту.

Мында тараптар Жалал-Абад облусу менен коңшу Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, билим берүү, маданият жана туризм багытындагы ар тараптуу кызматташтык алакаларынын жүрүшү, ырааттуу өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда буга чейин Жалал-Абад облусу менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун ортосунда түзүлгөн жол картада бекитилген пункттардын ишке ашырылышы тууралуу сөз болду. Облус башчысы бул кызматташтык алкагында алгылыктуу жылыштар бар экенин белгилеп, аткарылган жумуштар, алдыдагы пландарга токтолду.

Ыйгарым укуктуу өкүл чек аралардын ачылышы менен Жалал-Абад облусу коңшу Өзбекстан Республикасынын Анжиян, Наманган жана Фергана облустарынын ортосундагы карым-катнаштар жакшырганын, алдыдагы убакытта экономикалык ири долбоорлор ишке ашырылаарын кошумчалады.

Ал эми башкы консул облус өкүлүн ушул жылдын май айында өтүүчү Ташкент шаарындагы ишкердик форумуна чакырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17