Аймак

ОШ ШААРЫНДА ТАШТАНДЫНЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ИШКАНА ИШКЕ КИРИШТИ

ОШ ШААРЫНДА ТАШТАНДЫНЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ИШКАНА ИШКЕ КИРИШТИ

 201 Бардыгы /

        Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы таштандыларды кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына катышып, анын менен жеринде таанышты.

        Баса, таштадыларды сортточу ишкананын курулушу 2024-жылдын 1-февралында башталган. Жалпы аянты: 0,75 гектар. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн демилгечиси – «Таза Комплекс» жоопкерчилиги чектелген коому. Ош шаарынын мэриясынын колдоосу аркасында Кыргызстанда биринчи жолу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдеринин алкагында «Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясын түзүү» долбоору ийгиликтүү жүзөгө ашырылды.

        Аталган обьект «Таза-Комплекс» ишканасы тарабынан рекорддук кыска мөөнөттө курулуп, анын курулушуна инвесторлордун өздүк каражаттарынын эсебинен 97 миллион сомдон ашык акча каражаты жумшалды. Катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү бекети ачылгандан кийин мындан ары көбөйтүү менен 80ден ашык жумушчу орун түзүлүп олтурат. Сорттоочу комплекс Орусия менен Европанын алдыңкы заманбап технологиялары менен толук кандуу камсыз этилген.

        Ошентип, аталган долбоор эки этап менен жүзөгө ашырылмакчы. Биринчи этапта катуу тиричилик калдыктарын иргөөчү бекетти куруу каралган. Аталган бекеттин курулушу аяктап, экинчи этапта терең кайра иштетүүчү экотехнопаркын түзүү дагы каралган. Долбоордун экинчи этабы калдыктардын түзүлүшүн аныктоого, таштанды иргөөчү ишканасында иштей ала турган квалификациялуу адистерди жана жумушчуларды даярдоого гана багытталган.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17