Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
22 Бардыгы / Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрына жаңы жетекчи дайындалды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Максутовдун 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 216 буйругунун негизинде 2024-жылдын 23-сентябрынан тарта Тургунов Таалайбек Рустамович Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрына директор кызмат ордуна дайындалды. Таалайбек Тургунов 1985-жылы 2-майда Аксы районунда туулган. Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева […]
23 Бардыгы / Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрына жаңы жетекчи дайындалды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Максутовдун 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 216 буйругунун негизинде 2024-жылдын 23-сентябрынан тарта Тургунов Таалайбек Рустамович Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрына директор кызмат ордуна дайындалды. Таалайбек Тургунов 1985-жылы 2-майда Аксы районунда туулган. Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева […]
БАРПЫ ТЕАТРЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ
26.09.2024 / Автор anarkan_kg24 Бардыгы /
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрына жаңы жетекчи дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Максутовдун 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 216 буйругунун негизинде 2024-жылдын 23-сентябрынан тарта Тургунов Таалайбек Рустамович Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрына директор кызмат ордуна дайындалды.
Таалайбек Тургунов 1985-жылы 2-майда Аксы районунда туулган. Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде жогорку билим алган. Буга чейин 2011-жылдан баштап өз кесибин аркалап иштеп “Учур” жаштар театрында 2-категориядагы сүрөтчү, ушул эле куурчак театрда 2-категориядагы актёр, 2015-жылга чейин 1-категориядагы, кийин жогорку категориядагы актёр болуп эмгектенип келген. 2015-жылдан тарта Т.Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрында администратор, Чүй облустук маданият үйүндө администратор, режиссёр кызматтарын аркалаган. 2020-жылдан азыркы учурга чейин Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар көрүүчүлөр театрында директордун орун басары болуп иштеп келген.
Жаңы дайындалган театрдын директору Таалайбек Тургуновду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жамаатка тааныштырды. Мындагы жамаат жетекчини жылуу кабыл алуу менен тосуп алышты.
Жаңы жетекчи театрдын жамааты менен таанышып, алар менен биргеликте алдыда чоң чыгармачылык ийгиликтерди багындырып, Барпы театрынын атын алыска таанытып, мыкты спектаклдер менен ары жагы Түркия, бул жагы коңшу Өзбекстан мамлекеттерине гастролго чыгышарын билдирди. Ошону менен бирге чыгармачыл жамаатта аксап жаткан кадр маселесин чечүү жолдорун белгилеп, жаш кадрларды көптөн үмүттөндүрдү.
Учурда Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында 69 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 23ү чыгармачыл жамаат актёрлор.
Буга чейин Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрын Санжарбек Берикбаев жетектеп келген.
Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.