Аймак

ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН САРЫ-БУЛУҢ ӨЗӨНҮНӨ 25 МИҢ КӨЧӨТ ОЛТУРГУЗУЛДУ

ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН САРЫ-БУЛУҢ ӨЗӨНҮНӨ 25 МИҢ КӨЧӨТ ОЛТУРГУЗУЛДУ

 3 Бардыгы /

Тогуз-Торо токой чарбасынын Макмал токойчулук бөлүмүнүн Сары-Булуң участкасынын 15 гектар жерине 25 миң көчөт тигилди.

Иш-чара Тогуз-Торо районунда Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (СS-FOR) долбоорунун алкагында токойлорду калыбына келтирүү иш-чараларын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Көчөт тигүүгө акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Тогуз-Торо токой чарбасынын директору Баатырбек уулу Аскар, айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, мекеме ишканалардын жетекчилери жана токой чарба кызматкерлери катышты.

Акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек өз сөзүндө көчөт отургузуу жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, көрктүү, таза жана табияты кооз жайларды жашылдандыруу, келечек муунга мурас катары калтыруу болуп саналарын баса белгилеп, көчөт тигүүгө келген ар бир кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Тогуз-Торо районунда токойлордун жалпы аянты 9,5 миң гектар.

Элиза Акжолтоева, Тогуз-Торо району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17