Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АТАЛЫШЫН ӨЗГӨРТҮҮ ШААР БЮДЖЕТИНЕ ЖАНА ЖАШООЧУЛАРГА ИРИ ЧЫГЫМ АЛЫП КЕЛБЕЙТ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АТАЛЫШЫН ӨЗГӨРТҮҮ ШААР БЮДЖЕТИНЕ ЖАНА ЖАШООЧУЛАРГА ИРИ ЧЫГЫМ АЛЫП КЕЛБЕЙТ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын аталышы Манас шаары деп өзгөрсө, айрым интернет колдонуучулары айтып жаткандай көп каражат сарпталбайт экендигин Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирип чыкты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, шаардын аталышын өзгөртүүдө жергиликтүү бюджеттен 14 млн. 999818 сом гана керектелет.

Бул каражатка Аюп-Тоодогу «Жалал-Абад» стеласы, шаардагы илинген Жалал-Абад шаары деген аталыштарды ѳзгѳртүү, мѳѳрлѳрдү алмаштыруу, потча дарегин ѳзгѳртүү, шаардагы муниципалдык мекеме-ишкана жана уюмдардын жоболорун юстициядан каттоо жумуштары жүргүзүлөт.

“Ал эми шаар тургундары эч кандай чыгымга учурабайт. Анткени алар документтерин алмаштыруусу шарт эмес. Болгону документтерди кайра каттоо же жаңыдан алуу учурунда гана Манас шаары деген жаңы аталыш менен документтерин алышат.

Андыктан шаар тургундарын ар кандай такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз”- дейт маалыматта.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17