Аймак

ЭЛЕТТИК АЯЛДАР КҮНҮНӨ “ЭЛЕТТИК АЙЫМДАР -ЖАШООНУН ЖАРАТМАНЫ” АТТУУ КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ

ЭЛЕТТИК АЯЛДАР КҮНҮНӨ “ЭЛЕТТИК АЙЫМДАР -ЖАШООНУН ЖАРАТМАНЫ” АТТУУ КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ

 3 Бардыгы /

Тогуз-Тогуз районунда «Элеттик аялдар күнү» райондук аялдар кеңешинин демилгеси менен белгиленди.

Көргөзмөгө акимдин орун басары Асель Жунусалиева, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Венера Эпеева айылдык кеңештин депутаттары, кол өнөрчүлөр жана тургундар катышты.

Акимдин орун басары Асель Жунусалиева айымдар коомдогу ордун жана районго кошуп жаткан салымдарын баса белгилеп, ар бир айым жаратмандык менен үйдө да коомдо да өз пайдасын жана таасирин тийгизип күчтүү коомдоштукту түзө алаарын айтып, бүгүнкү элеттик аялдардын күнү менен куттуктады.

Элеттик аялдардын күнүндө арналган иш-чарада айымдардын колунан жаралган кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, тамак-аш көргөзмөсү жана сайма союу мастер класстар уюштурулуп, өздөрү жасаган түрдүү буюмдарын жана таттууларды азык-жарманкеге коюшту.

Аталган саамалыкта ишкер айымдар өздөрүнүн ийгиликтери менен бөлүшүп, ишкердүүлүгү тууралуу маалыматтарды беришти.

Саамалыктын биринчи күнүндө райондун 13 айылынан турган айымдардын командасы арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө айыл өкмөттөрдүн баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Экинчи күнүндө райондун түрдүү иш чараларына активдүү катышкан айымдарга Ардак грамота жана ыраазычылык баракчасы тапшырылып, маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

«Элеттик аялдар күнү» 2015-жылы 18-июнь Зууракан Кайназарованын урматына «Элеттик аялдар күнү» деп белгиленген.


Элиза АКЖОЛТОЕВА, Тогуз-Торо району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17