Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 8 КӨМӨК ЧОРДОНДУН КУБАТТУУЛУГУ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА  8 КӨМӨК ЧОРДОНДУН КУБАТТУУЛУГУ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, туруктуу тейлөө боюнча тапшырмасынын негизинде “КУЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан бир катар ири иштер аткарылды.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдирдиргендей, анын алкагында облус боюнча 8 көмөк чордонунун күч трансформаторлорунун кубаттуулугу жогорулатылды.

Кубаттуулугу жогорулатылган көмөк чордондор:

110/35/10 кВ Базар-Коргон – Т-1: 16 МВА → 40 МВА

110/10 кВ Барпы – Т-1: 10 МВА → 16 МВА

110/35/6 кВ Шамалды-Сай – Т -1 10 МВА – 16МВА; Т- 2 15 МВА → 16 МВА

110/6 кВ Көк-Таш – 6,3 МВА → 16 МВА

110/10 кВ Громадина – Т-2: 6,3 МВА → 10 МВА

35/10 кВ Комсомол – 10 МВА → 16 МВА

35/10 кВ Бекен – 4 МВА → 10 МВА

35/10 кВ Дзержинский – 2,5 МВА → 4 МВА

Бул иштер каскаддык ыкма менен аткарылып, тармактын ишенимдүүлүгүн күчөтүүгө жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталды.

Кошумча жасалган иштер:

Базар-Коргон району, Сузак району, Кара-Көл жана Майлуу-Суу шаарларында 83 миң акылдуу эсептегич орнотулду.

540 чакырым 6/10–0,4 кВ аба чубалгылары оңдолуп-түзөлдү жана  557 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Бул иштер Жалал-Абад облусундагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоону бекемдөөгө багытталган. Акыркы жылдары жаңы турак жайлардын, өндүрүш жана социалдык объектилердин көбөйүшүнө байланыштуу жүктөм өсүп, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу зарыл болуп келген.

Натыйжада Жалал-Абад облусунун электр тармагынын туруктуулугу жогорулап, калкка жана ишканаларга электр энергиясы  сапаттуу жана үзгүлтүксүз жеткирилет.

Керектөөчүлөр үчүн байланыштар

105, 1209, 0772 00 12 09, 0556 00 12 09

WhatsApp: 0702 00 12 09

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17