Аймак

МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 29-январь күнү, Манас шаарынын мэриясында 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын болуп өттү.

Коллегияга Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, мэрдин орун басарлары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Коллегиялык жыйында белгиленгендей, 2025-жылы социалдык, экономикалык, курулуш жана коммуналдык тармактарда аткарылган иштердин көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу бир топ жогорулаган.

Ар бир тармак боюнча бөлүм башчылары тарабынан жасалган баяндамада аткарылган иштер, жетишкендиктер жана көйгөйлүү маселелер тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жарлык жана буйруктардын аткарылышы боюнча отчеттор угулду.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше булагы атайын төлөмдөр менен биргеликте 1 млрд. 327 миллион 100 миң сомду түзүп, 101,1%га аткарылды. Ал эми киреше бөлүгү 104,7%га аткарылып, бекитилген планга салыштырмалуу 49 млн. сомго ашыкча киреше жыйналды.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков 2025-жылы Манас шаарында туруктуу өсүү жана өнүгүү орун алганын белгилеп, бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерин жана кызматкерлерин ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик жана берилгендик менен иш алып барууга чакырды.

Мындан сырткары, ар бир тармактын ишмердүүлүгүнө өз-өзүнчө токтолуп, алдыдагы иштер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17