Аймак

ЭМИ ПАРЛАМЕНТТИН ИШИН ЖИ-ТЕЛЕ АЛЫП БАРУУЧУЛАР ЧАГЫЛДЫРАТ

ЭМИ ПАРЛАМЕНТТИН ИШИН ЖИ-ТЕЛЕ АЛЫП БАРУУЧУЛАР ЧАГЫЛДЫРАТ

 3 Бардыгы /

Жогорку Кеңеште парламенттин ишин чагылдыруу жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү үчүн жасалма интеллект системасы ишке киргизилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдагандай, “Мырза” жана “Айым” аттуу теле алып баруучулар каралып жаткан маселелер боюнча видеоматериалдарды жана маалыматтык тексттерди даярдап, депутаттардын иши тууралуу коомчулукка маалымат берип турушат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана заманбап технологияларды кеңири колдонуу боюнча тапшырма койгон.

Бул демилгенин алкагында парламенттин аппаратына тиешелүү тапшырмалар берилип, кыска мөөнөттүн ичинде бир катар долбоорлор иштелип чыккан. “Мырза” жана “Айым” ошол ишке ашкан долбоорлордун бири болуп саналат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17