Аймак

БАТКЕНДЕ ЖЕТИ ЖАСАЛМА МӨҢГҮ ТОҢДУРУЛДУ

БАТКЕНДЕ ЖЕТИ ЖАСАЛМА МӨҢГҮ ТОҢДУРУЛДУ

 3 Бардыгы /

 Баткен облусунда жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатат. Бул туурасында президенттин облустук Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткенде аталган долбоордун алкагында жети жасалма мөңгү тоңдурулган. Булар Баткен районунун Газ, Согмент, Булак-Башы, Кайыңды жана Лейлек районунун Айбике, Көк-Таш, Сумбула айылдарында жайланышкан. Кыш мезгилинде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 миллион куб метрден ашык суу топтолгон. Жасалма мөңгүлөр – кышында сууну топтоп, жаз жана жай мезгилинде айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн пайдаланууга багытталган заманбап жана натыйжалуу ыкма. Бул ыкма суу тартыштыгы күч алган аймактар үчүн өзгөчө маанилүү!

Белгилей кетчүү жагдай: Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу аркасындага гана жүзөгө ашырылып жаткан долбоор Баткен облусунун туруктуу өнүгүүсүнө, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү экономиканын бекемделишине дагы өбөлгө жаратууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17