Аймак

ОРУНТАЕВ ОШ ШААРЫНДАГЫ БИР ДАГЫ КУРУЛУШ ТОКТОБОЙ ТУРГАНДЫГЫН УБАДАЛАДЫ

ОРУНТАЕВ ОШ ШААРЫНДАГЫ БИР ДАГЫ КУРУЛУШ ТОКТОБОЙ ТУРГАНДЫГЫН УБАДАЛАДЫ

 3 Бардыгы /

Кыргызстандыын Түштүк башкаласында жүрүп жаткан бир дагы курулуш токтобойт. Бул туурасында Архитектура, курулуш турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда абдан катуу убадалады.

Бир дагы курулуш эч токтобойт! Бардыгы сапаттуу жана мыйзамдуу түрдө аягына чыгарылат. Ушул жылдын 1-сентябрына дейре курулушу башталган 10 мектеп толук бүткөрүлөт. Биз дагы жаңы курулуштарды баштайбыз. Мындан ары бардык объектилер министрликтин такай гана көзөмөлүндө болот! деп убадалады Архитектура, курулуш турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев.

Соңку маалыматка караганда, мындан ары Ош шаарындагы курулуш иштери эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчисинде аягына чыга элек объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлөт. Ал эми экинчи этапта курулуп бүткөн тогуз объект атайын комиссиядан өткөрүлүп, тиешелүү документтери даярдалат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17