Аймак

“ЖОЛ ТАРТИБИ, КООМ ТАРТИБИ – 2026” АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТТҮ

“ЖОЛ ТАРТИБИ, КООМ ТАРТИБИ – 2026” АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТТҮ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 3-апрелде облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрындаЖол тартиби, коом тартиби – 2026” аталышындагы ири форум өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, ошондой эле коомдо жолдо жүрүү маданиятын калыптандыруу болуп саналат.

Форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери, район жана шаар башчылары, алардын орун басарлары, коомчулук өкүлдөрү, студенттер жана окуучулар катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысынын биринчи орун басары Уларбек Исмаилов жол кыймылынын коопсуздугу бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары жол кырсыктарынын саны көбөйүп, анын кесепетинен адамдардын өмүрү кыйылып, айрымдары майыптык алып жатканын айтты. Өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кырсыктардын өсүүсү, коомчулук үчүн олуттуу коңгуроо экенин баса белгиледи.

Ал ошондой эле кырсыктарынын негизги себептери катары жол эрежелерин сактабагандык, ашыкча ылдамдык, мас абалда унаа башкаруу жана айдоочулардын бири-бирине болгон маданиятсыз мамилеси экенин айтты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 2025-жылы жол-транспорт кырсыктары 604төн 744кө чейин көбөйгөн. Каза болгондордун саны 138ден 177ге жетсе, жаракат алгандар 1014төн 1269га чейин көбөйгөн. Ал эми жаш өспүрүмдөр катышкан кырсыктар 142ден 169га, каза болгондор 15тен 20га, жаракат алгандар 167ден 200гө өскөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17