Аймак

ӨРМӨКТӨГҮ ӨМҮРЛӨР

ӨРМӨКТӨГҮ ӨМҮРЛӨР

 6 Бардыгы /

Чек ара аймагындагы жашоо көп учурда кооптонуу менен сүрөттөлөт. Бирок Лейлек районунун Кулунду айылында биз чек аранын башка жүзүн көрдүк. Бул жерде куралдын үнүн эмес, өрмөктүн күүсүн угасың. Аялдардын колунда жүн акырындап жипке айланып, жип килемге түшүп жатты. Ар бир кыймылда сабыр, ар бир оймодо өмүр жаткандай сезилди.

Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду уюштурган пресс-турдун алкагында журналисттер Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика факультетинин окутуучулары менен студенттери Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагына баш бактык.

Кулунду — жөнөкөй аймак эмес. Бул Тажикстан менен чектешкен, акыркы жылдары бир нече жолу куралдуу кагылышууларды баштан кечирген кооптуу чек ара аймагы. Бул жерде жашоо дагы, эмгектенүү дагы оңой эмес. Ар бир күн белгисиздик менен коштолот. Айрыкча аялдар үчүн мындай шартта үй-бүлөнү кармап, жашоону улантуу чоң чыдамкайлыкты талап кылат. Бирок дал ушул аймакта аялдар тынчтыктын өзгөчө жолун тапкандай. Алар жүндү жууп, тытып, кол менен ийрип, андан соң түрдүү түскө боёп, өрмөккө салып килем токушат. Бул жерде даярдалган ар бир килем жөн гана үй буюму эмес. Ар бир жиптин ичинде чек арадагы жашоонун тагдыры, сабыры жана күчү жашап тургандай.

Бизди хабдан улуттук өнөрдүн күйөрманы, эксперт жана кол өнөрчү Бузейнеп Ташбекова тосуп алды. Ал бизди хабдын ичиндеги ар бир өрмөк, ар бир оймо жана даярдалып жаткан буюмдар менен тааныштырып жатып, бул өнөрдүн жөн гана кесип эмес, мурас экенин айтып берди. Хабдын ичинде чоң техникалар же заманбап фабрикалардагыдай жабдуулар жок. Бул жерде негизги күч — аялдардын колунда. Тазаланган кой жүнү алардын колунда акырындап жипке, андан соң килемге айланат. Ар бир оймо кол менен түшүрүлүп, ар бир жип кылдат байланат. Бул чоң сабырды талап кылган түйшүктүү эмгек.

Бул борбор Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “СЕДЕП” долбоорунун алкагында ачылган. Долбоордун негизги максаты — социалдык жактан колдоого муктаж аялдарды жумуш менен камсыз кылуу менен бирге, жоголуп бара жаткан улуттук кол өнөрчүлүктү дагы сактап калуу. Бул жерде аялдар жөн гана килем токубайт. Алар өнөр үйрөнөт, тажрыйба топтойт жана өзүнө болгон ишенимин кайрадан табат. Чек арадагы оор жашоонун ортосунда бул хаб көп аялдар үчүн үмүт берген жайга айлангандай.

Бөлмөнүн бир бурчунда түркүн түскө боёлгон жиптер илинип турду. Кызыл, көк, жашыл өңдөр бири-бири менен айкалышып, кыргыздын улуттук дүйнөсүн эске салат. Аялдардын айтымында, бир килемди даярдоо үчүн кээде айлар талап кылынат. Анткени ар бир жип кол менен байланып, ар бир оймо кылдат түшүрүлөт.

Бул жерде даярдалган килемдер туристтердин дагы кызыгуусун жаратып келет. Анткени мындай эмгектерде кыргыз элинин тарыхы, салты жана дүйнө таанымы жашайт. Фабрикалык буюмдардан айырмаланып, бул килемдердин ар биринде колдун табы жана жүрөктүн жылуулугу бар.

Кулундудагы бул чакан хабда аялдар жөн гана килем токуп жаткан жок. Алар өрмөккө өз өмүрүн, чек арадагы турмуштун сабырын жана кыргыз элинин жоголбой турган мурасын кошо өрүп жатышат.

Репортаж даярдагандар: Ош Мамлекеттик университетинин Педагогика искуство жана журналистика институтунун журналистика адистигинин студенттери: Мухамедали Абдыкааров, Мырзабек Абдулхатов

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17