Аймак

СУЗАК РАЙОНУНУН БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛ БОЮНЧА ЖЕРИНДЕ ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

СУЗАК РАЙОНУНУН БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛ БОЮНЧА ЖЕРИНДЕ ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаевдин тапшырмасынын негизинде Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Чангет-Сай айылындагы экологиялык абал боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын, Жалал-Абад облустук экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын, ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Чангет-Сай айылынын А. Нышанбаев көчөсүндөгү турак үйдө убактылуу негизде жашап жаткан Кытай Эл Республикасынын жарандары пайдаланган үйдөн чыккан саркынды суулар арыкка агызылып жатканы аныкталды. Анын негизинде турак жайдын ээсине экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн айып пул салынып, тиешелүү протокол түзүлдү. Ошондой эле саркынды сууларды агызуу системасын 3 күндүн ичинде талапка ылайык ирээтке келтирүү боюнча милдеттенме берилди.

Мындан тышкары, Кыргыз–Кытай–Өзбекстан темир жолунун өкүлдөрүнө экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн айып пул салынып, мыйзам бузуу фактыларын толук жоюу жана аймакты мурдагы абалына келтирүү үчүн 10 күндүк мөөнөт белгиленди.

Учурда Кыргыз–Кытай–Өзбекстан темир жолунун өкүлдөрү тарабынан саркынды сууларды жоюу жана аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Барпы айыл аймагында Сафаровка–Балыкчы унаа жолунун курулушунда иштеген чет өлкөлүк жумушчулар жашап жаткан үйлөрдүн санитардык жана экологиялык абалы толугу менен текшерилип, мыйзам талаптарына жооп бербеген жайларды бошотуу жана көчүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17