Аймак

МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ

МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ

 3 Бардыгы /

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов, мэрдин орун басарлары жана тиешелүү мекеме жетекчилери Көк-Арт аймагындагы Шабданбай Абдраманов көчөсүндө жайгашкан жаңы автобекетке барып, жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Жаңы автобекеттин техникалык ачылышы 17-августта өткөрүлүп, ушул күндөн тартып каттамдарды жаңы жерден уюштуруу пландалууда.

Аянты 2 гектар 20 сотыхты түзгөн жаңы автобекет заманбап талаптарга ылайык курулуп, жүргүнчүлөр үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Бул жерден шаардан сырткары жана шаар аралык 53 багыт боюнча күнүнө 450-453 рейс аткарылат.

Ал эми азыркы эски автобекеттин ордуна 750 орундуу заманбап мектеп куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17