Аймак

МАНАС ШААРЫНДА «АКЫЛМАН» ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ АЧЫЛДЫ

МАНАС ШААРЫНДА «АКЫЛМАН» ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ АЧЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылды. Билим уяны Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев ачты.

«Акылман» президенттик лицейи 410 окуучуга ылайыкталган. Учурда үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7-8- класстарга кабыл алынды. Имартта 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, актовый зал жана спорт аянтчасы бар.

Адылбек Касымалиев аталган лицей балдардын билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, чыгармачылык жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө бардык шарт түзүлгөнүн белгиледи.

«Бүгүн Манас шаарында “Акылман” президенттик лицейинин өлкө боюнча үчүнчү филиалын ачып жатабыз. Үч жыл мурда Чолпон-Атада ачылган, кечээ

Таласта экинчиси ачылды. Мындай мектептер жети дубанда ачылат. Биздин максат — Кыргызстандын күчтүү интеллектуалдык муунун тарбиялоо», – деди Адылбек Касымалиев.

«Акылман» президенттик лицейинин Манас шаарындагы филиалында өлкөнүн ар тарабынан келген окуучулар билим алат. Облустардан Баткен облусунан өткөн окуучулар басымдуулук кылат. Сметалык баасы 1 млрд. 750 млн. 625 миң 983 сомду түзгөн бул окуу комплекси калаанын Р.Азимов көчөсүндө жайгашкан. Имарат 3 кабаттан туруп, 360 окуучуга ылайыкташкан. Анын ичинде 196 орундуу ашкана, спорт зал, узундугу 25 метрди түзгөн жабык бассейн, китепкана, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн 25 батир курулду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17