Аймак

ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

 6 Бардыгы /

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Сузак районунун Орток токой чарбасында токой кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата иш-чарада мыктылар сыйланды. Бул тууралуу Орток токой чарбасынын директору Атайбек Камбаралиев билдирди.

Сузак районунун Орток токой чарбасында майрамдык иш-чара өтүп, мында  бир нече токой кызматкерлери үзүрлүү эмгеги үчүн “Токой коргоонун мыктысы” төш белгиси жана ардак грамота менен сыйланышты. Ал эми атайын бекитилген планды аткарууда токой бөлүмдөр арасында 1 жумага аралыкта планга чыгыш үчүн старт берилген. Натыйжада Орток токой чарбасы жеңүүчүлөрдү аныктап, жетекчилиги тарабынан уюштурулуп ВАЗ-2107 автомашина тапшырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17