Аймак

СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНҮН ЖАШООЧУЛАРЫНАН КАБАР АЛЫНДЫ

СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНҮН ЖАШООЧУЛАРЫНАН КАБАР АЛЫНДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Сузак районундагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги стационардык мекемесинин жашоочуларынан кабар алынды.

Мекемеге Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев барып, жашоочулар менен баарлашып, алардын жашоо-турмушу жана шарттары менен таанышты.

Учурда мекемеде 92 улгайган адам жашап келет. Анын ичинен 27 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар.

Ушул жылдын 1-сентябрына карата Жалал-Абад облусунда 151 327 пенсионер катталган. Алардын ичинен 100 жаштан ашкан 36 карыя бар.

Улгайган адамдардын күнүнө карата Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 208 миң сом бөлүнүп, Сузак жана Токтогул райондорундагы карылар үйлөрүнө, ошондой эле 100 жаштан ашкан жарандарга материалдык жардам көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, Манас шаарында 100 жаштан ашкан карыяларга шаардык социалдык өнүктүрүү фондунун эсебинен 10 миң сомдон акчалай жардам жана азык-түлүк баштыктары тапшырылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17