Аймак

Садыр Жапаров: “Саясатка аралашкан он жыл” (Документалдуу баян). 3-бөлүк

 5,986 Бардыгы /

Садыр Жапаров: "Саясатка аралашкан он жыл" (Документалдуу баян). 3-бөлүк

(уландысы)

Мамлекеттик масштабда, улуттун стратегиялык кызыкчылыктарын камтыган «Кумтөр» маселесине өттүм. Мурдагы бийликтегилер «Кумтөргө» текшерүү киргизмек түгүл, чычкан жөргөлөп өтчү эмес эле. Бул жолу «Кумтөрдү» калкалап олтурган бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, ийне-жибине чейин текшерүүгө кирип кеттик. Он депутаттан турган комиссия түзүлүп, төрагалыгына мени шайлашты. Кырктан ашуун ар кыл эксперттерди жумушчу топко тарттык. Аларга төлөнүп берүүчү акча каражаты 15 миллион сомдун тегереги болду. Анткени, «Кумтөрдүн» 23 жылдан берки былыгын текшерип чыгуу боюнча план түзүлгөн эле. Жогорку Кеңеш “Кыргызалтын» төлөп берсин” деп өкмөттү милдеттендирген токтом кабыл алды. Өкмөт болсо, төлөп бермек түгүл, «Кумтөрдү» колдоп туруп алды. Бир тыйын акча бөлбөй коюшту. Мен түшүнүп эле турдум. “Эгер акча бербей койсок, эч нерсе текшере албайт жана жыйынтык болбойт” деп ойлошту. Ишкерлерден демөөрчүлүк каражат издей баштадым. Биринчи болуп, Э.С аттуу мекенчил жигитибиз (белгилүү себептен улам атын толук атаган жокмун. Убагы келгенде ачыкка чыгарабыз), 30 миң доллар берди. Э.Б. аттуу мекенчил жигитибиз 10 чакты эксперттердин эмгек акысын мойнуна алды.

Аскар Салымбековко бардым. – Байке, нарындык, токтогулдук туугандарыбыз цианид ичип олтурушат. Экология дегенден эч нерсе калбай калган экен. Бомба түшкөндөй болуп жатат. Мындан сырткары, байлыгыбыздын баарын сыртка ташып кетип жатышат, сактап калалы. Башка шансыбыз болбойт, – дедим. Сөөмөйүн оозуна такап, акырын сүйлөп, – Бул жерде мени угушат. Мен сага жардам берем. Эки-үч күндө кабарлаш, – деп офисинен иттен чыгарды. Кийин качып туруп алды. Телефон чалсам, албады. «Аттиң ай, көр оокаттын кулу турбайсызбы» деп тим болдум. Албетте, Салымбеков милдеттүү эмес. Бирок, катардагы эле бизнесмендер тигинче жардам берип жатышса, Кыргызстандын эң алдынкы бай адамы деле жардам берип койсо болмок деген таарынычым калды. Анткени, мен жеке кызыкчылыгым үчүн жардам сураган жок элем да.

Калган акчаны ар кимден чогултуп, жетпегенин өз чөнтөгүмдөн кошуп, иштин жылышы үчүн эксперттердин 50 пайыз эмгек акысын төлөп бердим. Калган 50 пайыз эмгек акысы бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй калды. Алар мени туура түшүнүү менен кабыл алышты. Анткени, өкмөт бир тыйын бербей, бут тосуп жатышканын өз көздөрү менен көрүп, жон териси менен сезип турушту. Айрым эксперттерди Ак үйдөн телефон чалып, “Баары жакшы экен деп корутунду жазып бересиң” деп коркутуп да жатышты.

Текшерүү бүтөрүнө бир айча убакыт калганда чет элдиктер Акылбек Дүйшөнбиевди (өкмөттүн «Кумтөрдөгү» өкүлү. Өзү Барскоондүн кулуну болот. Экөөбүз тууганбыз) жиберишти. – Саке, сүйлөшөлү. Катуу текшерип жатасыңар. Эзели буларга текшерүүчүлөр тараптан мындай катуу талаптар болгон эмес экен. Мени өкмөт менен канадалыктар жиберишти, – деди.

– Акылбек, ушул жерде сен экөөбүздүн ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат. Карачы, буларды? Тебелеп-тепсеп, үстүнө уу төгүп, анысы аз келгенсип Нарын суусуна цианид агызып жатышыптыр. Кантип көз жумду кылып коёбуз? Дитим барбайт. Ата-бабаларыбыздын арбактары кечирбейт, баарын ачыкка чыгарабыз, – дедим. Туура түшүнүп, – Саке, болду, мен эми мындан ары сүйлөшүүгө жиберишсе да келбейм,- деп кетти. Бир аптадан кийин казак досум келди. Өзү «Кумтөргө» Казакстандан керектелүүчү материалдарды камсыз кылат. – Саке, 100 миллион доллар беребиз деп жатышат. Кыргыздарыңа ишенбей жатсаң, мен алып берейин. Эч ким билбейт. Баарын өзүм организовать этем. Оффшорный зонадан счет ачасың. Баарын ошол жерге түшүрүп берем. Каалаган жагыңа котортуп кетесиң, – деди. Чынымды айтайын, пенде эмеспизби. Көз алдымда эки нерсе элестеп турду. Биринчиси, сунушталган сумма. Экинчиси, Нарын суусунун жээгинде жашаган элдин цианид ичип олтурушканы жана 2005-жылы Түп- Кеген жолун жаап, мени депутат кылабыз деп кыштын кыраан чилдесинде төрт сутка бою үшүп-тоңуп, кардын үстүндө уктап жатышкан түптүк жердештеримдин, энелердин элеси келди.

Албетте, экинчисин тандадым. Анткени, эл-журт менден бир тыйын акча албастан, депутат кылып шайлап беришкен. Мен дагы бир тыйын пара албастан иштеп беришим керек деген максат койгон элем.

Колумда болгон видеоматериалдардын баарын казак доско көрсөтүп, – Баурым, мына көрдүңбү? Кыргыз элине эле эмес, казак элине да цианид ичирип жатышат. Эки элдин убалынан коркпойлубу? – дедим. – Чын эле ушундай болуп жатабы?- деп төбө чачы тик турду. Ал да түшүнүп, – Андай болсо, мени кечир. Кийлигишпейм, – деп кетип калды.

УКМК нын кызматкерлери Б.А.Т.К (белгилүү себептерден улам аттарынын баш тамгаларын гана жаздым, убагы келгенде, булар да ачыкка чыгышат) үчөөбүз олтуруп, кеңешип да көрдүк. “Балким, макул, алалы деп туруп кармайлыбы? Кантип? Эгер кармай турган болсок, Шамиль Атахановко сөзсүз билдиришибиз керек, ансыз болбойт. Биздин башыбыз кетет” дешти. Анда ал түз эле барып Атамбаевке билдирет. Өздөрү башында олтурушса, аларды кармаганга жол беришпейт да деген чечимге келдик. Анткени, «Кыргызалтын» ишканасын О.Артыкбаев жетектеп турган мезгилинде Атамбаев премьер-министр болуп турган. Экөө ар кандай жолдор менен 2011-жылдын 21-май күнү 30 миллион сомду чыгарып кетишкен. 2011-жылы 1-декабрь күнү Президенттин ант берүү күнү болгон. «Кумтөрдүн» чет мамлекетте олтурган эң үлкөн башчысы Стивен Ленг эртең менен учуп келип, резиденцияга барып, катуу куттуктап, кайра кечинде учуп кеткен. Мындан сырткары, дагы бир топ фактылар бар эле. Анан кантип аларды кармаганга булар жол бермек эле?

Анын үстүнө накталай акча болбогондон кийин, банктык счеттон кармаш кыйынга турат экен. Ошондуктан парламентке салып, «Кумтөрдү» толугу менен мамлекетке алып коёлу деген чечимге келдик.

* * *

Парламентте бир эле маселе турду. «Кумтөрдү» мындан ары өз мамлекетибизге алып, ал жерде калган алтын өз өлкөбүздө калсын» деген. Себеби, 23 жылдан бери инвесторлор деген атка жамынып алышып, бийлик менен чет элдиктер алтындарды ташып чыгып кетип турушканын толук аныктадык. Фабриканы дагы инвестордун акчасына салышкан эмес экен. Техникаларды да инвесторлордун акчасына сатып алышкан эмес. «Кумтөрдө» жаткан алтындын көбүн күрөөгө коюп, кредит алып жасашкан. Анын баары кийин Кыргызстандын эсебинен жабылган. Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин 10 миллиард доллардын алтынын алып чыгып кетишкен. Анысы аз келгенсип, экологиябызга эксперттердин эсеби боюнча 180 миллиард доллардын тегерегинде зыян келтиришкен. Нарын суусунун жээгинде жашаган элибиз болсо, цианид ичип олтурушат. Ал зыяндар сокур кишиге деле көрүнүп турат.

Анысы аз келгенсип, Аида Салянованын берген справкасына таянып, бийлик башындагылар салык жагынан бюджетке төгүлчү бир жарым миллиард сом акчаны төкпөй эле койгула деп жоюп жиберишкен. Өзүбүз кедей мамлекет болуп туруп, ансыз деле биздин жонубуздан кайыш тилип жаткан уурулардан миллиарддаган сомду албай койгонубуз кандай?

Позициядан кайтпаган жол

Парламентте карап баштардын алдында спикерди жана беш фракциянын лидерлерин президент кабинетине чакырды. Бул учурда мен фракция лидери болуп шайланып калган элем. Кабинетине барып, үй мүйүз олтуруп, сүйлөшө баштадык. – Садыр, сен бул позицияңдан кайт. Канадалыктардын алдында аброюбуз түшүп калат, – деди. – Урматтуу президент, кошуна олтурган бир боор казак эли менен өзбек элинин алдында аброюбуз жок. Канадалыктардан кайсы абройду күтөбүз? – дедим. – Анда инвесторлорду качырып алабыз, – деди. – Булар кайдагы инвесторлор? Баары биздин каражатка салынган, 100 пайыз тастыктап берем. Атып жиберсеңиз да, бул позициямдан кайтпаймын, – дедим. Президент туталанып, катуу жини келди. – Аксакалдардан сурайынчы, Феликс Шаршенбаевич, сиз эмне дейсиз? – деди. -Өкмөт өзү чечсин деп өкмөткө бербейлиби?- деп жооп берди. – Болбойт, өкмөт пара алып алды, – дедим. -Сиз эмне дейсиз?- деп Өмүрбек Текебаевке кайрылды. – Биз кечээ фракциянын жыйынында карап, Садыр Нуркожоевичтин токтом долбоорун колдойбуз деп чечим чыгарып койдук эле, – деп жооп берди. Канат Исаев менен Чыныбай Турсунбековдон сурап да койгон жок. Ого бетер туталанып, – Анда жабык эшик артында карагыла, мунун баарын эл билсе, баарыбызды Ак үйдөн сүрүп чыгат, – деп Асылбек Жээнбековду карады. Ал мени карап: – Макулсуңбу? – деди. – Ачык каралабы же жабыкпы, айырмасы жок. Эң негизгиси, мамлекетке алалы. Токтомду колдоп берсеңер болду, – дедим. Парламентте карап баштаганда, спикер “жабык эшик артында карайбыз” деп добушка койду эле, анысы өтпөй калып, ачык каралып калды. Ошентип, «Кумтөр» боюнча маалымат ачыкка чыгып кетти. Өзөнгө кырчын тал бүтөөр болуп, «Кумтөр» талашы башталды.

2012 – жылдын 20-22- июнь күндөрү парламентте карап, кечке маал добуш берүүгө келгенде, Асылбек Жээнбеков беш күндөн кийин добуш берели деп тыныгуу жарыялап кетип калды. Албетте, беш күндүн ичинде колдоп турган депутаттардын көпчүлүгүн сатып алууну пландашты. .

27 – июнь күнү добушка келгенде эле беш күн мурда колдоп жаткан депутаттардын 70 пайызы сөздөн кайтып калышыптыр. Айрыкча, «Кумтөрдү» текшерүүгө алып баштаган мезгилде, – Садыр, эми сен сатыла көрбө. 20 жылдан бери баары сатыла беришип, «Кумтөр» кени кыргыз элине иштебес болду. Эми силер аягына чыгаргыла, – деген аксакалдарыбыз тескери кетсе болобу? Алар СДПК партиясынын депутаттары Эгемберди Эрматов, Жусупали Исаев, Мамытбай Салымбеков, Эркин Сакебаевдер эле. «Кумтөрдү» текшерип баштаган мезгилден баштап, бүткөнгө чейин Жогорку Кеңештин имаратынан көрүшкөн сайын, «Садыр Нуркожоевич, эми сен сатыла көрбө» деп суранып жүрүшчү эле. Мына, кызык. Эмне болуп кетти? Көрсө, чет элдиктер биздин өкмөт аркылуу беш миллион долларды депутаттарга бөлүп, 21 миллион долларды демөөрчүлүк каражат деп өкмөткө берип коюшкан экен. 21 миллион долларды өкмөт алып, “Ала-Тоо финансы” деген мекеме ача салып, элге кредит берилди деген шылтоо менен жок кылышты. Жаңы мекеме ачыштын таптакыр кереги жок болчу. Анткени, бир эмес эки мамлекеттик банктар турат. «Айыл банк» жана «РСК банк». Экөөнүн тең райондордо филиалдары бар. Эсеп-кысаптары, кайтарымы дагы так жүрмөк. Эмне үчүн бул банктар аркылуу беришкен жок? Жооп бирөө эле. Банктар аркылуу беришсе, бир тыйын акча жей албай калышмак. Азыр эми 21 миллион доллардан дайын жок. Тымызын сүйлөшүүлөр менен эл байлыгынын чөнтөккө чечилип жатышына ыза болуп, бирок эмне болсо да, тикемен-тик турам деп чечтим.

* * *

Маселе кайрадан карала баштаган күндөн баштап, Ысык-Көл облусунун, айрыкча Жети-Өгүз районунун жаштары келип кызыгуу менен катышып, “Кумтөр элге өтсүн” деп колдоп турушту.

Анан эле бүт тескери айланып, айрыкча менин Ысык-Көлдүк жердеш депутаттарым 27- июнь күнү добуш берээрге келгенде таанылгыс болуп өзгөрүп кетишсе болобу? Саруулук Нарис Калчаев, Жолдош Кожобеков жана башка жаш лидерлер Максат Сабировдун кабинетине кирип барышып,

– Байке, эки күн бою колдоп келип, эми эмне тескери кетип жатасың? – дешсе, – Садыр Жапаров кытайларга 7 миллион доллар карыз болуп калып, «Кумтөрдү» кытайларга алып бергени жатыптыр. Ошол үчүн каршы чыгып жатам, – дейт имиш. Тобоо. Тапкан амалын карасаң. Байкуш саруулук карапайым балдар эмне билсин? Ишенишет да. “Депутат айтып жатса, чын болсо керек” дешип, алар да унчукпай калышыптыр (мунун баары убакыт өткөндөн кийин кече жакында билинип олтурат). Ошентип «Кумтөрдү» мамлекетке алууга добуш жетпей калды. Эгер беш күнгө тыныгуу албай туруп, экинчи эле күнү добушка койгондо долбоор өтүп кетип, «Кумтөр» толук кыргыз мамлекетине өтүп калат эле. Эч кандай митингдер да болмок эмес. Кыргыз эли өз байлыгына өзү ээ болуп калмак.

* * *

Бийлик болсо элдин көзүн жазгырып, көнүлүн башка жакка буруш үчүн өкмөттүк комиссия түзө салды. Анткени, эл дүргүп калган. Аз болсо да, «Кумтөр» боюнча чындыктын чеке- бели элге жетип калган эле. Эгер элди жоошутуп, алдаган жүрүш жасалбаса, кайра толкуп кетиши толук мүмкүн болчу. Комиссиянын башына Темир Сариевди коюшуп, бир жылга жакын текшеришти. Убакытты атайлап создуктуруп, эл тынчтанып, иш унут болсун дешти. Эң кызыгы, ал комиссияга адистердин эмгек акысына деп казынадан 150 миллион сомго жакын акча каражатын бөлүп беришти (бизге бир тыйын беришкен эмес). Кийин бул акчалар кумга сиңгендей эле жок болуп кетти. Жыйынтыгында, биз берген эле отчёттун жарымын кайталашты. Ошого 150 миллион сом коротуштун кереги бар беле? Негизи эле Каржы министрлигинде мындай уурдоо абдан көп кездешет экен. Текшерүүдө бир топ иштерди таап чыктык. Мисалы: англиялык юридикалык бир фирмага “Кыргызстандын эл аралык соттогу кызыкчылыгын колдоп берет” деп 105 миллион сом которуп беришкен экен. Жыйынтыгында, эч кандай сот процесси болгон эмес. Ал фирма өзү жок. Аты эле бар фирма. Көрсө, ушундай жолдор менен бийлик башындагылар бюджеттен акча уурдашат экен.

* * *

Ошентип, бүгүнкү күнгө чейин «Кумтөр» маселеси кыргыз тарапка чечилбеди. «Кумтөрдө» болсо , экологиялык катастрофа жүрүп жатат. Элдин, мамлекеттин шору али алдыда. «Кумтөрдүн» башчысы Майкл Фишер качып кетип, келбей жатат. Биздин бийлик, ”Кел, сүйлөшөлү” дешсе, “Жок. Кыргызстанга барбайм. Стамбулда же Алматыда жолугалы” деген шарт коюп жатат. Жакында эле анын сунушуна макул болуп, биздин бийлик Москва шаарына барып, телемост аркылуу сүйлөшүп келишти. Эмне үчүн биздин бийлик булардын бардык шарттарына көнүп жатышат? Анткени, алар биздин бийликтегилерге берип жүргөн бардык паралардын бетин ачып салабыз деп коркутушат. Ошол себептен алар кандай бийлегиле десе, биздикилер ошондой бийлеп беришет.

«Кумтөрдүн» тогуз кайрыгы

Ушул маалыматтарды элге толук жеткирүү максатында митингдерди уюштурууну чечтим. Анткени, бийлик ММК лардан таптакыр тескери маалыматтарды көрсөтүп туруп алды. 2012 жылдын 3-октябрь күнү «Ала-Тоо» аянтына митинг өткөрдүм. Жыйынтыгында, Камчыбек Ташиев Ак үйдүн тосмосунан аттап өттү.

Ошондо мени камаганга шылтоо таппай, “Киев көчөсүндөгү имаратты Бакиевдердики экенин билип туруп сатып алыпсың” деп жүргөн Атамбаев менен Салянованын асмандан издегендери жерден табылды. “Булар төңкөрүш жасоого алдын ала сүйлөшүшкөн” деген жалган жалаа менен УКМК нын тергөө абагына камашты. Бир жарым айдан кийин Ө.Текебаев келди. Биздин камакта жатканыбызга боору ооруганбы, – Мен Атамбаев менен сүйлөшүп келдим. Силерди чыгарат. Бир жылга чейин «Кумтөр» маселесин көтөрбөйсүңөр. Мен мойнума алып, кепилдик бердим, – деди.

– Жок, андай болбойт. Сизге рахмат, убара болбой эле коюңуз, баары бир көтөрө беребиз, – дедим. Эки күндөн кийин Марат Султанов келди. Фракциядагылар “сүйлөшүүлөргө барышсын, айтып кел” деп жиберишкен экен. Жообум баягы эле болду.

Ошентип, тергөө абагында 9 ай бою эки кишилик камерада олтурдум. Камчы, Талант үчөөбүздү үч башка эки кишилик камераларда кармашты.

2013-жылдын январь айларында сот башталды. Сотто күч структураларынын кызматкерлери катуу шылдың болушту. Анткени,”Булар төңкөрүш кылабыз деп шыбырашкандарын уккан эки күбөбүз бар” деп ишке кошуп алышкан экен. Бирөө “Патриот”, экинчиси “Охотник”. Экөө тең жок. Мындан сырткары, жасалма күбөлөрдөн он чактысы бар. Алар дагы тантышты.

Ар бир сот процесси болгон сайын өзүнчө эле спектакль. Зал ичи күбөлөрдүн тантык көрсөтмөлөрүнөн кыраан-каткырык күлкү менен коштолуп жатты. Акырында судья Адыл Субанкулов сот залынан ачык эле айтты. “Өкүмдү мен жалгыз чыгара албайм. Жогору жак менен кеңешишим керек ” деди. Жыйынтыгында, 29-март күнү бир жыл, алты айга соттоду. Ушул жерден айта кетүүчү нерсе, бизге койгон кылмыш беренеси боюнча эң аз дегенде 12 жыл бериш керек эле. Сот болсо, Ак үй кандай буйрук берсе, ошондой өкүм чыгарды.

16-апрель. УКМК нын тергөө абагында жатам. Эч күнөөсү жок бир тууган эжем Райкүлдү жасалма кылмыш ишин ачып, камакка алышты. Бул кылыгы менен бийлик мени таптакыр сындырабыз деп ойлошту. Туура он күндөн кийин 26-апрель күнү болжол менен кечки саат 21 де тергөө абагынын башчысы келди. – Сиз макул болсоңуз, бүгүн түнү резиденцияга алып барабыз. Президент менен жолугасыз. Күтүп жатат. Кечирим сурап койсоңуз эле болду. Силерди шаардык соттон актап коюшат. Эжеңизди дароо камактан чыгарышат, – деди. – Жок. Атып салсаңар да, кечирим сурабаймын. Мен кылмыш жасаган жокмун. Эл үчүн деп күйүп жатам,- деп баш тарттым. – Эжем да маңдайына жазганды көрөт, – дедим. Анткеним, эжем камалган күнү эле, – Мен үчүн соодалашууга барбасын. Мен да маңдайга жазганды көрөм, – деп бир тууган инимден айттырып жибериптир.

Ошол сөзү мени абдан чыйралткан эле. Ошентип, соодалашуудан жыйынтык чыкпаганына көздөрү жеттиби, айтор эжемди камаган сот кайра эле өзүнүн жеке чечими менен (мыйзам боюнча жогору турган сот чыгарыш керек эле), 7-май күнү кайра чыгарып койду. Албетте, мунун баары Ак үйдүн буйругу менен болду. Ошентип, эжем Райкүл Жапарова адилетсиз 21 күн Бишкектин тергөө абагында жатты.

* * *

Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов үчөөбүздүн ишибиз шаардык сотто карала баштады. Ал жерде дагы күнүгө комедия. Тергөөчүлөр, күбөлөр, прокурорлор баары тантышты. Берилген суроолорго эмне деп жооп берип жаткандарын өздөрү билишпейт. Ошентип, 17-июнь күнү шаардык сот толук актап, сот залынан бизди чыгарып жиберишти (бир жумадан кийин ал сотторду иштен бошотушту). Эртеси күнү Жогорку Кеңештин жыйынына барып катышып, сөз сүйлөдүк. Албетте, бийликтегилерге жаккан жокпуз. Колдорунан келсе жутуп жибергилери келип турду. Акыркы сессия эле. Жайкы каникулга кеттик.

Соттор бардык мыйзамдардын нормаларын бузуп, Ак үйдүн буйругу менен ишти чагылгандай тездик менен Жогорку сотко жеткиришти. Булардын максаты – сентябрда Жогорку Кеңеште иш башталганга чейин биздин мандатыбыздан ажыратуу эле. Президент менен спикер эле эмес, өзүбүздүн дос, партиялаш деп жүргөн Акматбек Келдибеков баш болуп, “буларды Жогорку Кеңешке келтирбей биринчи соттун чечимин күчүндө калтырып, мандаттарын алыш керек”,- деп чуркап жүрдү. Сот процесстеринде болсо эл көзүнө жакшы сүйлөйт.

Ошентип, Жогорку сот Биринчи май райондук соттун мыйзамсыз, адилетсиз, күлкү келээрлик чечимин күчүндө калтырып, биздин мандатыбызды алып коюшту. Айта кетүүчү нерсе, кыргызда сөз бар: “бирөөгө ор казсаң, кең каз” деген. Эгер биздин мандатыбыз колубузда болуп, Жогорку Кеңешке келип ишибизди улантканда, Акматбек Келдибековду камай алышмак эмес. Мындан сырткары, көтөргөн маселелерибиздин баарын аягына чыгармакпыз.

* * *

Бийликтин тап душманына айландым. Кимдир бирөөлөрдүн кекиртегине томук сөөктөй тыгылдым окшойт. Ушул жерден мага карата маалымат согуштары күчөй баштады. Киев көчөсүндөгү сатып алынган имаратты Бакиевдердики деп чабуулду башташты. Ушул жерде бийлик “Ата Мекен” партиясынын депутаты Турат Мадылбековдун баласы Эльдар Мадылбековдун колу менен жок кылуу, камоо аракеттерин башташты. Бирок, бийликтин арам ойлору ишке ашкан жок. Бул иш боюнча Эльдар Мадылбеков камакка алынды да, бийликтин Садыр Жапаровго карата карасанатай ойлорун ачыктап, кайрылуу кат жазды. Мына ушул кайрылуу катты тарых барагы катары кыскартпастан берип олтурам. Баарыңыздарга маалым болгондой, акыры Э.Мадылбеков эркиндикке чыкты.

Эльдар Мадылбеков: “Мага абакты, же кызматыман көтөрүлүүнү сунуш кылышкан…”

-Ушул кат аркылуу коомчулукка Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан жасалып жаткан ырайымсыз аракеттери тууралуу чындыкты айтып берейин дедим. Алар кантип саясый тапшырыктарды жасап жана ийкемдүү эмес саясатчыларга кылмыш-жаза иштерин ачып жаткандыгы жөнүндө айтууга туура келди”.

КР президенти А.Ш.Атамбаевге,

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына,

өкмөттүк эмес коомдук уюмдарга

Ачык кат

2010-жылдын июль айынын башында мага таанышым Байгельдиев Мукаш кайрылып, ал Биряльмин С. аттуу менчик ээсинин тапшырмасы боюнча Киев, 74 көчөсүндө имарат сатыларын айтты. Мага бардык документтерди көрсөткөн, алардын бардыгы жайында экен. Менден кардар таап берүүнү өтүнүп, ошол үчүн мага сыйакы төлөө жөнүндө убада берди. Мен көптөгөн адамдарга сунуш кылгам, акыры аны С.Жапаров сатып алды. Алдын ала документтер текшерилди, имарат камакта эмес экендиги, бардыгы мыйзамдуу жана таза экендиги тастыкталды. Мамкаттоо “бул бүтүмдүн эч кандай көйгөйү жок” деп жол-жоболоштуруп берди. 2009-жылы Маммүлк фонду КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-апрелиндеги № Р-159 Токтомунун негизинде Киев, 74 көчөсүндөгү имаратты Чолпон-Ата шаарындагы жеке менчик имаратка алмаштырыптыр. Алмаштыруу теңме-тең болгон. Андан кийин Киев, 74 көчөсүндөгү имарат жеке менчик ээсинин колуна өтүп, Чолпон-Атадагы имарат өкмөткө өткөн экен. 2010-жылы бул имарат сатылгандан кийин М.Байгельдиев акчанын бир бөлүгүн катып калат, ошол себептен иш жүзүндөгү жеке ээси С.Биряльмин ага карата Бишкек шаарынын прокуратурасына арыз жазган, бирок жаңы (С.Жапаровго), жеке ээсине С.Биряльминдин эч кандай дооматы болгон эмес, анткени, ал таза жана толугу менен акчасын төлөп берип, сатып алган. Көз боёмочулук фактысы боюнча М.Байгельдиев шарттуу түрдө 3 жылга соттолгон. С.Биряльминге келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген.

2012-жылы С.Жапаров “Кумтөр” боюнча маселени көтөрүп чыкты, анткени текшерүүнүн жүрүшүндө С.Жапаров көптөгөн мыйзам бузууларды тапкан, анын ичинде А.Салянова тарабынан салыктын карызы дагы кечирилгендиги аныкталган. Бул окуядан кийин 2012-жылдын 16-июлунда А.Салянова тарабынан Киев, 74 көчөсүндөгү имаратты басып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мени бир нече жолу Башкы прокуратурага чакырышып (мен анда өзүм Бишкек шаарынын прокуратурасында иштеп турганмын), менден С.Жапаровго каршы көрсөтмө берүүмдү өтүнүшкөн. “Сен “Ата Мекенденсиң”, алар болсо душман, “Ата Журттан”, ошол үчүн оппозицияны тынчтантууга милдеттүүсүң” деп мага басым жасашкан. Мага минтип дагы айтышкан: “Эгерде сен биз менен иштешсең, биздин айтканыбызды аткарып турсаң, сени А.Салянова кызматыңдан жогорулатып, чоң начальник кылат” деп. Бирок, мен “бул абийирдүүлүккө жатпайт жана ырайымсыз аракет болот” деп, мындай сунуштан баш тарткам. Мага даяр текстти беришип, ММКга интервью берүүмдү суранышкан. Мен анда “А.Салянова кесиптик жактан жараксыз жана мындай жогорку кызмат орунун ээлөөгө укуктуу эмес, анткени, ал бир күн дагы прокуратура органдарында иштеген эмес, аны эртең иштен алып салышса, мен жалган маалымат бергендигим үчүн жооп беришим керек” деп айткам. Башкы прокурордун кызмат ордуна ишин чала билген А.Салянова дайындалгандан тартып, Кыргыз Республикасындагы мыйзамдар аялдык логика боюнча түшүндүрүлүп калды. “Муну мурун иштеп кеткен прокурорлор дагы айтып калышат” деп шылдың кылып күлүп, мен кетип калгам.

Сыягы, менин сөздөрүм ага жеткен сыяктуу, анткени, мени кезектеги суракка чакырышканда, тергөөчүлөр мага абдан орой мамиле жасашып, мени камакка алып, мени кызматташууга барасың (!) деп айтышкан. С.Жапаровдун үстүнөн тапшырма берилген, аны кандай гана болбосун, себеп табышып, камашат. Эгерде ага жүйөө табышпаса, анда анын эжесин камашат. Ошондуктан, мага танда дешти: “же абак, же кызмат орун боюнча көтөрүлүү”. Бирок, мен мыйзам алдында дагы, өзүмдүн абийиримдин алдында дагы таза болгом, мен аларга катуу эле айткам, “өзүңөрдүн Саляноваңар менен кошо отуруп калбагыла” деп. Мен ал күнү үйгө келген жокмун. 2012-жылдын 15-сентябрында мени эки күнгө камакка алышты. Бул анык ырайымсыз аракет болгон, мен аялыма телефон чалып, алдын ала ага кайда экендигимди айтайын дегем, менин колумдан уюлдук телефонумду жулуп алышкан жана адвокатка да бербей коюшту. Бишкек шаарынын УКИнде бир сутка болгондон кийин мен үйдөгүлөргө кайда экендигимди айттым (кудайга ыраазымын, кезметтеги бала адамгерчиликтүү экен, ал мага телефон чалууга мүмкүндүк берди).

Мындан кийин жакшы төлөнүп берилген кара пиар (шыбоо) башталды, мени бардык ММКларга жамандап жатышты (анткени Башкы прокуратура мени эмне себептен кармалганымды далилдеши керек эле). Бардыгына белгилүү болгондой, кылмыш-жаза иште кылмыш иштин курамы болуп, конкреттүү айып коюлат жана кылмыш-жаза иши козголот. Аталган кылмыш-жаза иши боюнча ээлик кылуучудан арыз келип түшкөн жок. Тактап айтсак, жабырлануучу жак болгон эмес, ал эми кылмыштуулуктун объектиси жок болгондуктан, анда жосун дагы кылмыштуулук болуп саналбайт. 9 ай өткөндөн кийин, тактап айтканда, сот териштирүүсүнүн аягында менин адвокатым бул иште жабырлануучулар жок экендиги тууралуу билдирүү жасагандан кийин көз каранды сот жана ишти чала билген мамлекеттик айыптоочу эстерине келишти. Жана кийинки сот процессине тергөөчү катышпаса дагы, Маммүлктүк фондунун өкүлү жабырлануучу тарап катары катышып калды. Бирок, бул жерде ММФ кандай тиешеси бар? Алар 2009-жылы бул имаратты алмашып алышкан эле да? Имараттарды алмашуу фактысы боюнча ММФ экс-төрагасы Турсун Турдумамбетовго карата башкы прокуратура кылмыш-жаза ишин козгогон, бирок, анын аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондуктан, кылмыш иши токтотулган. Бул алмашуу мыйзамдуу болгондугун далилдейт. Бирок, буга карабастан, ММФ балансына сот Киев, 74 көчөсүндөгү имаратты өткөрүп берет. Эми ММФ Киев, 74 көчөсүндөгү имарат жана Чолпон-Ата шаарында дагы имаратты алып жатат. Бул эмне? Мамлекет тарабынан басып алуубу?

Салянова өз максатына жетти. Мени 9 жыл эркимден ажыратууга чечим чыгарылды. Биринчи май райондук сотунун өкүмү боюнча мен даттанууга беремин жана экинчи инстанциядагы Бишкек шаардык сотунда каралат. Саляновага С.Жапаровду дискредитация кылуу үчүн шылтоо гана керек болгон. Ошол себептен ал имаратты “рейдердик басып алуу” деген окуяны ойлоп чыгарган. Аталган объект жеке жакка таандык болчу. Акчаны алган, эч кимге дооматы болгон эмес жана арыз менен эч кимге кайрылган эмес. А.Салянованын логикасы боюнча мамлекетке Маммүлктүк фонду тарабынан чыгым келтирилген. Анда мындай жүйөөлүү суроо жаралып жатат: Эмне себептен ММФ 2009-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган эмес? Иш боюнча жабырлануучу тарап болуп таанылган эмес? Жооп ишенимдүү, себеби, 2009-жылы ММФ Чолпон-Ата шаарында ага теңдеш Совет, 61 көчөсүндө жайгашкан имарат алган. Сотто “ММФ аларды жөн эле жабырлануучу тарап кылып, дайындап коюшкан” деп чынын айтып берген. Өзүнө каада күтүү максатында А.Салянова 4 депутатка кылмыш ишин козгоду, ал эми тергөөчүлөр араңдан-зорго айып таап жана процесстик ченемдерди бузуу менен ал иштерди сотко жиберип жатышты. Сот корпусуна басым кылууга карабастан, мындай иштер сотто талкаланып калат. Бүгүн эле бардыгы түшүнүктүү болууда, үч депутаттан кийин Н.Түлеев дагы акталып чыгат.

Бүгүн коомдо “судьялардын бардыгы тең пара алышып, соттолуучуларды актап чыгарышат” деген бузук пикир калыптанып калды. Акыры туура, мыйзамдуу чечим чыгарган күндө дагы, күнөөлүү болуп судья чыга келет. Башынан эле кылмыш-жаза ишин чала билген прокурор тарабынан козголгондугун жана чала сабаттуу тергөөчүлөр тарабынан тергөө жүргүзүлөрүн айрымдары гана билишет. Эгерде иш козголуп жана абакка адамды отургузган болсо, анда “бул иш бекеринен козголгон эмес” деп санап, көнүп калганбыз. Бүгүнкү абал андан да жаман. Бүгүн сот адилеттүүлүгүнүн кылычы Башкы прокуратуранын колунда, ал саясий оппоненттерди жок кылуу боюнча аспабы, саясый күрөштүн куралы болуп калган. Мисалы, С.Жапаров А.Салянованын артынан түшүп, куйругун баса баштаганда, ал бул аспапты колдонууга шашты, үч депутатты жөн эле касаптын артына тыгып койду! Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы юрист (Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен башкасы) эмне себептен С.Жапаровду отургузгандыгы тууралуу эч кимиси айта албайт. Ал бийликти басып алуу боюнча чакырык кылган эмес, дарбазадан секирип өткөн да эмес. Же болбосо, биздин өлкөдө митингди уюштургандыгы үчүн кандай гана жаран болбосун, бийликти басып алуу шылтоосу менен жаза мөөнөт береби? Эгерде логикага таянсак, анда бүгүн ким бийликте болсо, аларды отургузуу керек.

Мен он алты жыл укук коргоо органдарында иштегем, жоопкерчиликти алып, прокурордук кызматкерлер жасап жаткан ырайымсыз аракеттер, бул анык эле бийликти мыйзамсыз басып алууну билдирет жана мындай мыйзамсыз аракеттер акырындык менен мамлекеттин кыйроосуна алып келет. Адамдар мыйзамдуу бийликке ишенимин жоготуп жана мындай көрүнүш жакшылыкка алып келбегендиги белгилүү. Бирок, тарых жана мезгил бардыгына өз ордун таап, өз ордуна коёт.

Урматтоо менен

Эльдар Мадылбеков, 21-июль,

2013-жыл

Бийликтин мага ырайымсыз, мыйзамсыз аркеттери, куугунтуктары ушуну менен токтогон жок.

Юпи-гейт

Жай мезгили. Ооруканада жатсам, Саруу айылынын жаштары келишти. “Кумтөрдү» мамлекетке алабыз” деп жол тосуп жүрүшкөн эле. – «Кумтөр» боюнча толук маалымат алалы деп келдик, айтып бериңизчи, – дешти. Баарын айтып бердим. Кетээринде жакшы эле айттым.

– Балдар, силерге канадалыктар пара сунушташат. Абайлагыла, байлыкка азгырылып кетпей, таза болгула. Мына, мага да 100 млн доллар сунушташкан, азгырылган жокмун. Тузактарына түшпөдүм. Талкаланган мөңгүлөрдү, Нарын суусуна агылып кирип жаткан цианидди өз көзүнөр менен көрүп келипсиңер. Анын баарын эл ичип жатат. Эми бекем туруп, аягына чыккыла, – деп жылуу узаттым. Бирок, кийин ал балдар бийлик менен тил табышкандай болуп кетишти эле. Тилекке каршы, өзүнүздөр күбө болгондой, «3 млн доллар пара сурашты» деп Бахтияр Курманов менен Эрмек Жунушпаевди УКМК нын тергөө абагына жабышты. Балдар жаштык кылып алданып калыштыбы же чындап эле азгырылганын бир кудай өзү билет.

Бийлик «Юпи-гейт» аттуу чуулгандуу тасма менен мени толук жок кылабыз деп ойлошту. Бийликтин жүзү анык ушул жерден көрүндү. Провокация менен алек болуп, С.Жапаровду темир торго тыга албай катуу убара. Ушундай да ыплас иштерди жасоого булар кантип барууда деген ойлор мага тынчтык берген жок. Эл деген суунун агымы экенин ошондо түшүндүм. Алгач бул УКМКнын тасмасы жалпы каналдан кете баштаганда, эл муну чындык катары кабыл алышты. Кудайдын буйругу менен УКМК нын кызматкерлеринин кайтаруусунда жаткан Э.Өмүралиев алардан эптеп качып чыгып, «Акипрессте» өзү пресс-конференция берип, УКМК бурмалап, монтаждап, КТР аркылуу фальшивка тасма көрсөткөнүн дагы бир ирет тастыктаганда мага канча деген адамдар телефон чалышып, “Биз ишенген, бизди коргойт деген күч органдары мындай иш жасап жатса, Кыргызстан кайда барат? Эми дагы кандай жомоктор чыгат экен? «Юпи-гейт», бул ГКНБнын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп турат, ушундай да ыплас иштерди жасап, өзүбүздүн эле кыргыз азаматтарын каралап, камоонун аракетин жасоо кимге керек? Чачын ал деген команда берилген болсо, булар башын алгысы келгени кандай? Кошоматчылыктын да чеги болот да. Садыр, сен сынба” деп жатышты. Бул сөздөр менин актыгымдын бир далилиндей туюлуп жатты. Кудай да алардын арам саясатын бат эле ачып койгондой болду.

Ошентип, бийликтин дагы бир видеошоусу өтпөй калды. Бул бийликтин ЮПИ-ГЕЙТ шоусу мурунку матрешкадан да ашып түшкөнүн коомчулук билди. Ушул жерден Э.Өмүралиевдин ММК ларга берген маегин жана экөөбүздүн телефон аркылуу суйлөшкөндөрүбүздөн үзүндү келтирүүнү туура таптым. Эл таразалап алсын.

Эрлан Өмүралиев:”УКМК мени жашыруун квартираларда кармап жатышты”

– Эрлан, “Юпи-гейт” окуясынан кийин таптакыр дайының чыкпай калды эле. Кайда жүрдүң?

– Баарыңарга белгилүү, “Юпи-гейт” окуясы жашыруун тасма менен тартылып, эфирге чыгып кеткенден кийин УКМКнын кызматкерлери, “Өмүрүң кооптуу. Сени жок кылууга заказ берилиптир. Сенден алыстабашыбыз керек”, – дешти. Алардын айтканына ишенип, жакшы санаалаш болуп жүргөн оппозиционер агаларымды көз алдымдан өткөрө баштадым. Жыйынтыгында, Садыр Жапаров, Аликбек Жекшенкулов да мени жок кылууга батынбайт. Бир болсо, Кубаныч Кадыровдун колунан келет деп ойлодум. Анткени, ал ИИМде орун басар болуп иштеген деген ойдо болдум. Анан УКМКнын кызматкерлеринин кайтаруусунда Бишкекте жашыруун квартираларда болдум. “Карындашым турмушка чыгып жатат. Барып келейин”- деп сурансам макул дешти. Бирок, ал жакка да жалгыз эмес, УКМК нын кайтаруусунда бардым.

Ал жактан эптеп мүмкүнчүлүк таап, Садыр Жапаровго телефон чалдым. «Байке, теледен берилген тасманын баары калп. Мен түнү менен Бишкекке барып, пресс-конференция берип, чындыкты айтып чыгам. Жардам бергиле»,- дедим. Түнкү саат төрттө Нарын суусунун жанындагы үйүмдө кайтарууда жаткан жеримден уурданып чыгып келдим.

– “7-кабаттан ыргытып жиберебиз” деп коркуткан деген маалымат тарады. Ошондой болгону чынбы?

– УКМК нын үч кызматкери Москва- Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн 7-кабатына алып барышты. Мен ойлодум, мени колдонуп бүтүштү. Эми Геннадий Павлюктун өлүмүндөй өлүм менен өлтүрүшөбү деп. Анан аларга ачык эле айтып, ыйладым. “Эгер өлтүрсөңөр, мени 7-кабаттан ыргытпай эле пистолетиңер менен атып салгыла. Мага болгону эки рекет намаз окуганыма руксат бергиле”, – деп. Мени кайтарган балдардын баары жакшы балдар экен атабыз, 7-кабаттан ыргытабыз дешкен да жок. Мен терезенин сыртындагы решеткага жашыл бантик байлап коюп, тааныштарыма смс ж өнөттүм. Ушул жерде мени Павлюктай кылып ыргытып жиберген жатышат окшойт, келип калгыла деп. Үч күн күттүм. Эч ким келген жок. Көрсө, SMS жөнөткөндө, көчөнүн атын жазбай калыптырмын…

– Жашыруун тартылган тасманы уруксатым жок жарыялап жиберишиптир дедиң. Ал тасма кайда тартылган?

– Ал видео УКМК тарабынан Москва менен Свердлов көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган экен. Мен чынында тартып жатканын билген эмесмин. Телеге чыгарып жибергенде гана билдим. Ал тасманы теледен эмес, УКМКдагы ноутбуктан көрдүм.

– “Юпи-гейт” операциясынын автору ким?

– УКМК өздөрү болуп жатпайбы. «Куакы проектисин» жана “Юпи-гейт” долбоорун айтып, кокту- колоттон бери түшүндүрүп беришип, мени кайталатып сүйлөтүшүп, аны жашыруун тасмага тартып алышып, телеге чыгарып атышпайбы.

– Бул эмне кылганыңар? Мен эми элдин бетин кантип карайм деп ыйлап, эртең пресс-конференция берип, бардык чындыкты айтам, – десем, УКМК нын орун басары атамды чакырып алып, – Балаңызды макул кылыңыз. Биз Казакстандан же Россиядан каалаган жеринен квартира алып беребиз. Бияктан үч-төрт жылга чыгып кетсин, – деп айттырыптыр.

– Алар сени чет мамлекетке чыгарып жибергенге эмнеге кызыкдар?

– Анткени, мени ММК ларга пресс- конференция берип, чындыкты элге айтып жибербесин деп коркуп атышат.

– Макул, айтканыңа ишенели. Бирок, сени жакындан билгендер жакшыңдан жаманыңды көбүрөөк айтып, “Юпи-гейт” менен «Куакы» идеясын сеники дешип жатат го. Учурунда жакшы санаалаш болуп жүргөн нарындык жигитке, “ушул сценарийди айтсам, Садыр Жапаров акча береби?” депсиң го?

– Мен Соң-Көлдөн жаштар революциялык жол менен эмес, эволюциялык жол менен кетебиз деп айтканбыз. Эл алдында ушундай сөздөрдү сүйлөп туруп, “Юпи-гейт” менин идеям болуп калса, анда мен өзүмө-өзүм каршы чыгып калган болуп калам го…

– Сен видео тасмада бирөөнүн планын эмес, өзүңдүн планыңды айткандай эле айттың го. Бир да барак карабай?

– Менин эс-тутумум жакшы. Ал жерде жаттап же убаралана турган деле кыйынчылык жок болчу. Генпланды гана эске тутуп калуу керек болчу. Калыс деген байке күндөлүктүн 3 барагына жазган планын мен тез эле түшүнүп, эсиме сактап калгам. Ошондуктан, эч бир барак карабай эле видео тасмага айтып бердим.

– Канча актанганың менен элге саткынчылык жагынан жек көрүнүп калдың. Саясатка аралашкың келгени менен сени коом өгөйлөсө эмне кыласың?

– УКМК мени саясат үчүн пайдаланганын билгенден кийин таза адамдардын бетине кара көө жаап салганымды билдим. Ошол себептен булардан жана элден кечирим сурап, чындыкты айтып жатпаймынбы.

– Элге интервью берип актана албайсың да. УКМКны жана сен сүйлөгөн жашыруун тартылып алынган тасманы берген телеканалдарды сотко берсең гана эл алдында акталаарыңды айткандар бар. Ушундай кадам жасоого кудуретиң жетеби?

– Сотко берер, бербесимди азыр чече элекмин. Азырынча адвокаттар менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Сотко бергенди ойлоном.

– Кечээ жакында эле оппозицияга шек келтирген маалыматты айттың. Азыр УКМКнын сени колдонуп, оппозицияга ор казганын айтып жатасың. Кокус, ушундай былыкты ачтың деп сага тиш кайрагандар болсо кантесиң ?

– Кудай берген жанды кудай алат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17