Аймак

Садыр Жапаров: “Саясатка аралашкан он жыл” (Документалдуу баян). 4-бөлүк, баяндын аягы

 6,203 Бардыгы /

Садыр Жапаров: "Саясатка аралашкан он жыл" (Документалдуу баян). 4-бөлүк, баяндын аягы

й-бүлөлүк талкуу уланып, – Сен камакта жатканда канча кыйналдык. Элге баары бир экен. Уу ичсе деле мейли окшойт. Тигине, канча балдар камалып жатышса деле, былк этпей олтурушат. Таласта канчасы камалды. Талас эли да былк этишпейт. Тескерисинче, сени жамандап чыккандар болду. Душмандарың көп экен, – дешти. Албетте, көп болот. ММК, алтын, акча, бийлик баары менин каршылаштарымдын колдорунда турса. Алар жеп-ичип жаткан эбегейсиз миллиондордон, “май токочторунан” айрылганы жатышса, душманым көп болот да. Бирок, баары бир аягына чыгарам дедим. – Бизге сенин эрдигиңдин кереги жок. Амандыгың керек. Тигине, карачы. Эрдик кылган Насирдин Исановду эмне кылышты? Андан башка канча эр-азаматтарыбызды атып, жок кылып жиберишти. Беш, он күн ызы-чууга түшүп, өлгөндүн өз шору болуп, үй- -бүлөсү эле кыйналды. Суранабыз, үй-бүлөңдү алып, чет өлкөгө убактылуу чыгып турчу. Ишенебиз. Акыр-аягына чыгасың. Бирок, элге чындык маалымат жеткенче, тыныгуу алып турчу, – дешти. Биз да тынч жашап туралы дешти.

Минтип баары катуу сурангандарына себеп бар эле. Бийлик үйүмө криминалдарды жибере баштаган кези болчу. ”Биринчи талап, Батукаев жөнүндө ооз ачпайсың. Экинчи талап, «Кумтөр» менен «Мегаком» маселесин көтөргөнүңдү токтот” дешти. Анткени, кайрадан митинг уюштуруп, элге “Батукаев, «Кумтөр», «Мегаком» жана башка коррупциялык маалыматтарды жеткиребиз” деген планыбыз бар эле.

Камчыбек Ташиев фракция лидери, мен соттук реформа боюнча комитеттин төрагасы болуп турган кезибизде Батукаевдин адамдары Камчы Ташиевке келишкен. “Эки миллион доллар берели, Батукаевди чыгарып бергиле” дешип. Ал мезгилде биз коалицияда болуп, Акматбек Келдибеков спикер, мен сот тармагын караган комитеттин төрагасы элем. Кандай гана маселе болбосун, шар чечилип турган убак. Алар да кайсы партияга барса, тез чечилээрин билишет эмеспи. Биз болсо, “Мындай ыплас иштерге аралашпайбыз” деп баш тартканбыз. Кийин Атамбаевдин колуна бийлик толук өткөндөн кийин А.Салянова экөө жеңил-желпи эле, жакшынакай сый менен узатып койгондоруна жалпы коомчулук күбө болду…

Ошентип, үй- -бүлөмдү алып, убактылуу чет өлкөгө чыгып кетүү чечимин кабыл алдым. Учурдан пайдаланып, жылуу кабыл алгандары үчүн өзүмдүн жана үй- бүлөмдүн атынан Евробиримдикке, анын ичинде Польша мамлекетине терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Биз сыяктуу эле жыйырма беш жыл мурда эгемендүүлүк алган Польша мамлекетинин ушунчалык өнүгүп кеткендиги мени абдан суктандырды. Эмне үчүн биз Европа мамлекеттериндей болуп жашай албайбыз? Эмне үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз болуп туруп, окуучу балдарыбызды толук окута албайбыз? (Бүгүнкү күндө 30 000 ден ашуун окуучу балдарыбыз мектепке барышпайт. Европаны мындай көрүнүш таң калтырат) Эмне үчүн жетиштүү кен-байлыктарыбыз болуп туруп, бир миллионго жакын эмгекке жарактуу жаштарыбызды чет мамлекеттерге тентитип жибердик? Тескерисинче, дүйнө жүзүндөгү кыргыздарды бир уучка чогултсак кана? 2007-жылдын октябрь айында «Кайрылмандар” деген мыйзам жазып өткөрдүм эле. Бүгүн ошол мыйзамдын негизинде этникалык жүз миңге жакын жарандарыбыз Кыргызстанга келип, жашап жатышат. Тилекке каршы, аларга дагы мыйзамда көрсөтүлгөн тиешелүү жардамдарды беришмек түгүл, бир паспорт бергенге жарабай келебиз. Качанкыга чейин элибиз бир ууч арам тамактардын курсагын тойгузуп келет? Мына ушул сыяктуу суроолордун жообуна саясатта жүргөн ушул жылдарда толук түшүндүм. Ал мамлекетибиздеги бийлик башында тургандардын коррупцияга белчесинен батып калганы. Элдин ырыскысын эсепсиз ичип-жегени. Бийликке жеткиче, “бийлик башына барсам эле эл үчүн ак иштейм” деп карганып жүрүп, бийликке жетээри менен өз чөнтөгү үчүн иштеп бузулуп кеткени. Бийлик системасын чыныгы эл үчүн иштегидей кылып түзүүдөн качып, жеке кызыкчылыктарына ылайыкташтырышканы. Буга качып кеткен эки Президентибиздин эле миллиарддаган долларларды жүктөнө кетиши так мисал боло алат. Бүгүнкү бийликте отургандар деле качкан эки Презденттин ишин улантышууда. Болгону фамилиялар гана алмашты. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе. «Кумтөр» жана башка мамлекетибизде болгон кен байлыктардын алтынын мурункудан да ашырып, чет элге ташып кетип жатышат.

Мына ушинтип, акыркы он жыл ичиндеги өзүм күбө болгон саясый окуялардан кыскача баян кылдым. Албетте, саясый окуялар абдан көп. Анын баарын жазып олтурсак кагаз жетпейт. Мындан сырткары, мамлекеттик чоң кызматка келгенде мамлекеттик жашыруун сырларды ачыкка чыгарбоого милдеттенме алып ант бергенбиз. Аларды жазууга укугум жок. Болбосо, укмуштуудай төбө чачты тик тургуза турган фактылар көп. Жогорудагы баяндарым андай жашыруун сырларга кирбейт. Мамлекеттик жашыруун сырлар, өз ичимде эле кала берсин. Качандыр бир мезгилде кызматка келип калсам мамлекетибиздин, элдин кызыкчылыгына пайдаланганга жарайт деп ойлойм. Урматтуу окурмандар жана ушул китепке кирген каармандар! Эгер кимдир бирөөлөрдү капа кылып же таарынтып койгон болсом, кечирим сураймын. Чыркыраган чындыкты жазбай коюуга акым жок. Чындык мен жазбаган күндө деле, акыры эртедир-кечтир чыкмак.

Эстегилечи!? Эгемендүүлүгүбүздү алып, өз алдынча мамлекет болгонубузда элибиз кандай кубанды эле? Ошондо ушундай коррупцияга чырмалышып, чыга албай калган бийлиги бар мамлекет болобуз деп ойлошкон эмес да. Биз бүт чындыкты төгүп айтуу менен гана чыныгы таза коом, коррупциясыз мамлекет кура алабыз. Бул баянымдагы башкы максат ушунда.

* * *

Эмне себептен жогоруда айтылган коррупциялык иш аракеттерге жеңил эле жол берилип, эч ким жоопкерчиликке тартылбай келет? Жообу эң жөнөкөй. Бүгүнкү мамлекеттик башкаруу системабыз учурдун талабына жооп бербейт. Эгемендүүлүк алгандан бери илгерки Союздан калган башкаруу системасын бир аз гана өзгөрткөн дагы атын өзгөртүп, ички түзүлүшүн ошол калыбында калтырган түрү менен жашап келе жатабыз. Реформа кылдык деп айткан менен чыныгы өзгөрүү болбоду. Эмне үчүн андай? Анткени, өлкө башчысы болуп шайланган инсанга бул система майдай жагат. Өзү эч нерсеге жооп бербейт. Бирок, айыл өкмөттөн баштап премьер-министр, спикерге чейин өзү коёт. Алардын колу менен өзү каалаган чокту карматат. Жыйынтыгында ким күнөөлүү? Парламентти таратат же өкмөттү отставкага кетирет. Ошентип, 23 жылда 25 өкмөт башчы алмашты. Ар бир өкмөт башчынын арты таза эмес. Миллиарддаган сомдорду жок кылган коррупциялык иштери турат. Бирок, бир өкмөт башчы жоопко тартылдыбы? Жок. Анткени, алардын колу менен баарын президент өзү жасаган. Ошол себептен жоопко тарта алышпайт.

Ошондуктан, эгер биз мамлекетибиздин мамлекеттүүлүгүн сактап калалы десек, замандын талабына ылайык иштей турган, жоопкерчиликти мойнуна ала турган жаңы системаны түзүшүбүз зарыл.

Ал система төмөндөгүдөй болуш керек. Президент өкмөттү өзү башкарып, премьер-министр менен акимчиликтер жоюлушу керек. Бул кызматтар илгери союз мезгилинде жер, мал чарбачылык, завод- фабрикалар жана башка бардык байлык, капитал мамлекеттин колунда кезде керек болчу. Ал убакта жер айдоо, жыйын терин, малдын төлдөөсүн, завод-фабрикалардын иштешин күнү- түнү дебей кыдырып, текшерүүгө алып туруш керек эле. Ага жетишүү оңой эмес болчу. Ошол себептен колхоз, совхоз, район, облус, анан республика деген система түзүлгөн. Азырчы? Мамлекетте жер, мал- мүлк, завод- фабрика барбы? Албетте, жок. Болсо да саналуу. Негизги капитал жеке менчиктин колунда. Менчик ээси өкмөтсүз эле өздөрү жакшы иштетип, өнүгүп кетсек деп тилешет. Болгон күчүн жумшап, аракеттенишет. Өкмөт жардам бербей деле койсун, болгону бут тоспосун дешет.

Жаны система боюнча республика, облус, айыл өкмөтү болуш керек. Парламент бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып, 70 тен ашпаганы туура. Талапкерлерди партиялар жылдырышса да болот. Ошондо ар бир райондун өздөрүнүн өкүлдөрү келет. Жергиликтүү эл кимди шайлашты өздөрү жакшы билишет. Курултай системасын киргизишибиз керек. Курултай жылына бир жолу чогулуп, президенттен, парламенттен, баш прокурордон, Жогорку соттон, Эсеп палатасынын төрагасынан отчёт алып, анын жыйынтыгы боюнча добуш бериши керек. Курултайдын жүрүшү баштан- аяк республикадагы бардык теле-радиодон ( алардын менчик же мамлекеттик экенине карабастан), түз алынып, көрсөтүлүшү керек . Эгер жогоркулардын кимисинин иши канааттандырарлык эмес деген чечим кабыл алышса, анда ошол бийлик бутагынын башчысы сөзсүз отставкага кетиши керек. Анткени, Курултай жалпы республиканын булуң-бурчунан эл тараптан шайланып келген 1000 ден кем эмес өкүлдөрдөн туруп, элдин эркин билдирет. Делегаттардын саны ар бир айыл өкмөттө жашаган калкынын санына жараша бөлүнүп, мыйзам менен аныкталыш керек. Ошол айылдардан шайланып келген өкүлдөр Курултайдан кайтып баргандан кийин бир айлык мөөнөттүн ичинде, жергиликтүү элди чогултуп, курултайда кандай маселелер каралды, ким кандай добуш берди, кандай чечим кабыл алынды жана ушул сыяктуу отчётторун бериши керек. Муну Курултайдын өкүлдөрү так жана өз у багында аткарыш үчүн мыйзам менен бекитип коюшубуз керек. Жолугушууну уюштуруп берүүгө айыл өкмөттөрү милдеткер болууга тийиш. Ошондо гана биз сөз жүзүндө эмес, накта иш жүзүндө эл көзөмөлдөгөн бийлик бутактарын орноткон болобуз. Эл болсо, бир гана бийликтин КТР аркылуу берген калп маалыматтарына ишенип олтура бербестен, түздөн- түз өз өкүлдөрү аркылуу так жана адилеттүү маалыматтарга ээ болушмак.

Парламент мыйзам чыгаруу менен алек болуп, республикалык бюджетти бекитиүү менен бирге президент мамлекеттик кызматка көрсөткөн талапкерлерге макулдугун берип, алардын мыйзам четинде иштешин көзөмөлгө алышы керек. Президент менен парламент бири-бирине көз карандысыз болуш керек. Экөө тең жылда Курултайга отчёт берип туруш керек. Ошондо буга чейин бир да жолу элге отчёт бербеген президент менен парламент жыл сайын эл алдында отчёт берип көнүп калышмак. Биз кыргыздар, ар кайсы мамлекеттин баш мыйзамын көчүрүп алып, алардын мыйзамы биздин элибиздин менталитетине, шартына туура келбесине карабастан, башаламан жашаганды токтотушубуз керек. Азыр ушул тапта жогоруда айтылган сунуштарга ылайык келе турган жаңы башмыйзамдын долбоору даяр. Коомдун талкуусуна салып, алымча- кошумча, сунуш- пикирлерди кабыл алып, жарым жылдын ичинде жаңы башкаруу жана жаңы экономикалык система менен жашап өнүгүп кетүүгө Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар.

Муну ишке ашырууга бир гана тоскоолдук бар. Ал – жыйырма жылдан бери ичкич-жегич системаны түзүп алышкан Ак үйдөгүлөрдүн эрки гана жетишпей, мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыктарын жогору койгону, бийликке жабышып, андан ажырап калуудан коркуп, өздөрүнө өздөрү ишенишпегени, элдин көзөмөлүндө болуу жоопкерчилигинен качканы болууда. Келиңиздер, “Сен Акаевдин калдыгысың, сен Бакиевдикисиң же Атамбаевдин колдоочусуң” дебестен, арасынан чыныгы эл үчүн иштеген мыкты кадрларды алалы. Интеллектуалдык күчтү пайдаланалы. Жаман жактарын ыргыталы. Бардык кен байлыктарыбызды четтен келгендер үчүн эмес, өзүбүздүн мамлекетибиз үчүн иштетели. Ошондо гана дүркүрөгөн экономикалык өсүшкө жетебиз.

“Мен түштүк, сен түндүксүң ” дешпестен, иш билги инсандарды чогултуп, жаңы системаны түзөлү. Билем, мындай кадамга баруу оор жана каршылар өтө көп. Бирок, мындан башка жолду көрбөй турам.

Мен билек түрө көтөргөн элдин кызыкчылыгындагы маселелер, жиликтин башын зыркыратып, таманды ташка жанчый турган көйгөйлөр. Менин бүткүл үмүтүм, бардык ой-санаам элим менен болду. Арам саясаттын үстөмдүгүндө калгым келген жок. Көрсө, жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашкан достуктун устуну түбөлүк эмес экен. Мамлекеттин күйүтүн тартып, эч ким башын канжыгага байлабайт тура. Арстандын туусун сайсак да, чындык ортодо кала берет. Элдин эки чоң мүлкү бар. Биринчиси баатыр, экинчиси акылман. Тилекке каршы, эки төңкөрүш тең, бийлик ордосуна баатырдыкты да, акылмандыкты да берген жок. Саясатыбыздын трагедиясы да ушунда. Өкүнүчтүүсү, “Абыке-Көбөш, алты арам” деген саясаттын чеңгээлинде, 20 жыл сүзүп келе жатканыбызда. Жөнөкөй эле жеке башты сактоо менен, жеке кызыкчылык менен жүрө берсек, мамлекетибизди жоготуп алабыз. Улуу максат бирөө гана – Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги болушу керек. Мен ушул жерден күчтүү сезим менен бир нерсени айткым келип турат. Улуу мүдөө, Улуу сабырды туу туткан бийлик орномоюн, саясый кулчулуктан кутула албайбыз. ”Серпишкенге бой бербес, сепил боло алабызбы” дегендей, кеп ушунда. Мейли, мен эл көйгөйлөрү менен жалгыз калайын.Бирок, эртең баары бир эл ырыскысын, эл байлыгын ойлогон бирөө-жарым чыгат да. Ооба, мен бүгүн жалгыз чыбык болуп күрөшүп атам. Каралаган ушактарга, кара жаным гана туруштук берип турган кези. Менин күрөшүм – ички тышкы жоо күч алып турганда, бир муштумдай биригип, элдин олжосун сыртка бербей акыл тирек менен Ата Журт алдында, өз милдетибизди аткаруу гана. Кандай болбосун, акыры кыргызга жакшылык алып келишибиз керек. Эми бул вазийпанын аягы азыр бүдөмүк. 2005-жылдагы шайлоочуларымдын ишеничи, Ош окуясы, «Кумтөр», «Мегаком», Каркыра чындыгы мага өзгөчө таасир берди. Бийликтин, саясатчылардын адилетсиз кадамдарына, катардагы көрүүчү болуп тим олтура албаганым балким, мага душман болгондур деп ойлоп кетем. Коркпой, тайманбай күрөшкөнүм, мени сындыра алган жок. Мен буга эч өкүнбөйм. Саясый куугунтуктун болгон түрүн көрдүм. Саясаттагы позициям үчүн жакын туугандарым азап чекти. Кекчил саясаттын курмандыгы болдум. Бирок, эң башкысы таза абийир, эл менен калдым. Акыркы күндөрү кыргыз элим сокур болбосо экен деп тилеп калдым. Адамдардын кайсыл бир бөлүгүн басмырлоо күч алып, басынгандыктан элде үмүт жоголуп бара жатат. Салижан Жигитовдун “Шуулдаба,теректерим, шуулдаба, шуулдасаң ыйлагым келет менин“ деген саптарын көп эстейм. Көл тарапка баратып, кыргыз жерине суктанып атып эле куураган өрөөндү элестетип, чочуп кетем. Кудай сактасын деп күндө тилейм. Ак чокулуу мөңгүлөрүбүздү, мончоктой мөлтүрөгөн көлүбүздү, чубалып өмүр берген кыргыздын дарыяларын, кожогат, карагат толгон тоосун, килемдей көк шиберге толгон жайлоосун сактап калалы! Кыргыздын бир уулунун тилеги ушул. Кыргыздын жерин, тоолорун, суусун, алтынынын баркын билген адам катары ушул китепти жаздым. Ашууда дагы далай кызмат, эл алдында бере турган отчётторубуз бар. Эркиндиктин туусу бийиктикте гана желбирей берсин!

2014-жыл, декабрь айы

Баяндын соңу

INTER.KG

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17