Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,613 Бардыгы / Кыргызстанда текшерүү органдарына айыл өкмөттөрүн көзөмөлдөөгө мораторий жарыяланган. Тилекке каршы, кээ бир жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринин жетекчилери мындай жеңилдиктерден куп гана пайдаланышып, айыл өкмөттөрүнүн бюджетине суук колдорун салып, а түгүл олчойгон каражаттарды өз менчигиндей эле пайдаланып жатышкандыгын жарандык активист Таалай АБДЫКАЛЫКОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады. – Таалай мырза, эмнеге эле Ак үйдү айланчыктап, […]
2,614 Бардыгы / Кыргызстанда текшерүү органдарына айыл өкмөттөрүн көзөмөлдөөгө мораторий жарыяланган. Тилекке каршы, кээ бир жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринин жетекчилери мындай жеңилдиктерден куп гана пайдаланышып, айыл өкмөттөрүнүн бюджетине суук колдорун салып, а түгүл олчойгон каражаттарды өз менчигиндей эле пайдаланып жатышкандыгын жарандык активист Таалай АБДЫКАЛЫКОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады. – Таалай мырза, эмнеге эле Ак үйдү айланчыктап, […]
Таалай АБДЫКАЛЫКОВ: «КӨЛДҮК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖЕМКОР ЖЕТЕКЧИСИН ТЫЙЫП КОЮҢУЗЧУ?»
12.02.2020 / Автор anarkan_kg

2,615 Бардыгы /
Кыргызстанда текшерүү органдарына айыл өкмөттөрүн көзөмөлдөөгө мораторий жарыяланган. Тилекке каршы, кээ бир жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринин жетекчилери мындай жеңилдиктерден куп гана пайдаланышып, айыл өкмөттөрүнүн бюджетине суук колдорун салып, а түгүл олчойгон каражаттарды өз менчигиндей эле пайдаланып жатышкандыгын жарандык активист Таалай АБДЫКАЛЫКОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады.
– Таалай мырза, эмнеге эле Ак үйдү айланчыктап, күйпөлөктөп калгансыз, ыя?
– Алишер мырза, кыйла мезгилден бери чындык жана калыстык издеп эле келатамын. Ак үйгө кирүү, албетте акыркы жылдарда оңбогондой азапка айланыптыр. Болбосо мени бул жакка Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылынын тургундары чоң ишеним артышып жөнөтүшкөн болчу.
– Мисалы?
– Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылдык кеңешинин депутаттарынын ишеничине абдан бат жана катуу кирип, а түгүл алар менен чогуу-чараан коррупциялык схемаларды дагы коркпостон орноткон Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Караев ушул тапта эч кимди көзүнө илбеген анык жеп-жутаарга айланды дагы калды.
– А сиздин колуңузда бул жаатта деги жетиштүү факты-далилдериңиз барбы?
– Мынакей! Үйлөрү жер көчкү коркунучунда калган 84 жаранга 2018-жылы Жаман-Адырдан жер тилкелери ажыратылган эле. Тилекке каршы, үй куруу үчүн жер аянттары дээрлик стихияга учурагандарга эмес, Советбек Караевдин жакындарына жана жалаң акчалууларга гана бөлүндү. Айтмакчы, айыл башы Жаныбек Калдаровдун үйү коопсуз эле тилкеде жайланышкандыгына карабастан шылуундук кылып өзүнө үч чек энчиледи. Ал эми айыл өкмөтүнүн айдоочусу Майрамбек Адыбрасуловго дагы ушундай эле жол менен жер тилкеси тартууланды. Мындан тышкары 2010-жылдын эрте жазында аталган айыл өкмөтүнүн аймагында кадимкидей көчкү жүрүп, жаратылыш апаатынан жапа чеккендерге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки миллион сом каржылык жардам көрсөткөн эле. Үйрөнгөн адатын карматып Көлдүк айыл өкмөтү өзү бул каражаттарды жабыр тарткандарга гана калыс таратпастан атайын эсепке которттуруп, андан ары төрт-бешөө эле бөлүп-жарып жеп тынышты.
– Дагычы?
– Көлдүк айыл өкмөтүн таза суу менен камсыздоо максатында АРИСтен эки миллион 500 миң сом бөлүнгөн. Тилекке каршы, бул акчалар дагы казынага түз эле чегерилбестен Советбек Караев менен баш бухгалтер Кенжебек Дүйшеевдин ортосунда эле ың-жыңсыз жоголгон. Мунун кесепетинен көлдүктүктөр ушул тапта дагыле таз сууга зар болуп олтурушат.
Буга улай БириккенУлуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы аркылуу аталган айыл өкмөткө беш милион сом ажыратылган. Мунун 400 миң сому Атакулов атындагы мектепке сарпталган. Дагы ошончо каражат Шамал-Терек таза суу бекетине коротулган. А калган төрт милион 200 миң сомду жеке кызыкчылыктарына гана жумшап ийишкен. Бирок эмдигиче мунун дагы ордун толтуруша элек…
– Таалай мырза, Сиз санактаган фактылардын негизинде тиешелүү органдарга неге расмий түрдө кайрылбадыңыздар?
– Кантип? Далай фактыларга далилдерин, ошондой эле документтерин кошо тиркеп Өзгөн райондук жана Ош облустук прокуратураларына бир нече ирет даттандык, эй! А алардын жооптору коендой окшош болуп жатпайбы. Бизди убактылуу алдашып, эптеп сооротуп гана келатышат. Ошондуктан айлабыз таптакыр куруганда моминтип жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Президент Сооронбай Жээнбековго түз эле кайрылып олтурабыз. Билебиз. Мамлекет башчыбыз Сиздердин жазганыңыздарды сөзсүз окуйт. Дал ушинтип акыры Көлдүк айыл өкмөтүнүн ээнбаш башчысы Советбек Караевди биротоло тизгиндеп, андан ары аны мыйзам чегинде жоопкерчиликке тарттырганга эрки жетет ко деген терең ишеничте турабыз!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg ДИНИЙ ОКУУ БОРБОРЛОРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТЕКШЕРИЛДИ
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg НООКЕНДЕ КАЙРАДАН СЕЛ ЖҮРДҮ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.