Аймак

АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН ТУБАСА АКАДЕМИГИ

АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН  ТУБАСА  АКАДЕМИГИ

 1,632 Бардыгы /

Көзү тирүү болгондо Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендеринин ээси болгон. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, СССРдин Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн алтын медалынын ээси, Токтогул ажы Токтоматов быйыл 9-майда туптуура 80 жашка толмок. Айыл чарбасынын тубаса академиги Токтогул ажыны эскерип коюну туура таптым.

Токтомат уулу Токтогул ажы 1940-жылы 9-майда азыркы Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылында туулган.1950-жылы  Ноокен районундагы Кызыл-Аскер жети жылдык мектебинен окуп, кийин Таш-Көмүр шаарында 7-класс билимин алган. Ноокенден кесипчилик техникалык окуу жайын бүтүп тракторист-машинист кесибине ээ болуп, эмгек жолун Ноокен районундагы Молотов колхозунда механизатор болуп иштөө менен баштап. 1961-жылы Кызыл-Жар совхозуна келип мехнизаторлук кесиптен иш баштап, андан бригадир, бөлүм башчы, башкы агроном болуп эмгектенип келген.1960-жылы чигит эгүү боюнча алдыңкы тажрыйбаны көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары Искак Раззаковдун колун кармап ак батасын алган.1964-1965-жылы машинада пахта терүү боюнча областта биринчи орунда болуп СССРдин айыл чарба жетишкендиктеринин Бүткүл Союздук көргөзмөсүнүн алтын медалы, күмүш медалы менен сыйланып, 1965- жылдын жыйынтыгында «Эмгек Кызыл Туу» орденин алган. Районго, областка член пленум, райсоветке депутат болуп шайланган. “Кызыл-Жар” совхозунда бригадир, бөлүм башчы, андан соң башкы агроном болуп иштеп келди. 1994-жылдын март айында элдин башын кошуп, ынтымакка чакырып «Үч-Коргон» үрөнчүлүк дыйкан чарбасынын түзөт. 1997-жылы пахта заводун курулушуна аракет болуп Германиядан инвестор таап келип 1998-жылы 9- майда заводду бүтүрүп, ишке берген. 2000-жылдан Жыл-Кол айылына орто мектепти курууну баштап аны спорт залы менен куруп бүтүргөн. Чарбаны толук кандуу бутуна тургузуп, кыйынчылык мезгилден элди багып алып чыккан. Үч-Коргон дыйкан чарбасында 97 кара мал, анын 30у саан, 2000 кой, анын 1100 тубар кой, 80 жылкы, анын 30у бээ кылып мал чарбасын ирденткен. Чарба ошол кыйынчылык мезгилдин эки жылында эле ЮМЗ маркасындагы эксковатор, МТЗ маркасындагы жаңы трактор, 5 автомашина анын үчөөсү солярка менен жүрүүчү, 2 сеялка, 1 автозаправка машинасын, 3ДТ- 75 тракторун сатып алууга жетишкен. Мал сарай, чайкана, тегирмен, пахтадан май чыгаруучу цех жана башкаларды курууга жетишкен. 2002-жылы Меккеге зыяратка барып ажы болуп келген. Эмгек жолунда жетишкен ийгиликтери эл ишиндеги чыгармачылык эмгеги үчүн Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендеринин ээси болгон. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, СССРдин Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн алтын медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер наамдарына ээ болгон. Бактылуу эки уул, үч кыздын атасы, небре -чөбөрөлөрдүн чоң ата-тайатасы болгон.

ЗАЛКАР

(Токтогул  ажыТоктомат уулуна)

Кең –Кечүүдө төрөлгөн,

Ак бешикке бөлөнгөн.

Аюптун алган батасын, 

Асылдан болду көрөңгөң,

Атың чыккан өрөөндөн,

Тоо койнунда төрөлгөн.

Тоо чокусун мекендеп,

Тоо кушунан көрөңгөң.

Туурунан чыккан улуунун,

Эрбешим атаң улугум.

Эл  үчүн деп жашаган,

Элден чыккан туйгунум.

Суунун да ичкен тунугун,

Сур жорго чайнайт суулугун.       

Эл сурап келген түп атаң,

Асылдан чыккантуйгунум.

Ак мөңгү тоодон башталып,

Агын суу агат шашылып.

Жыйыкка барып токтогон,

Шоокуму ичке катылып.

Билинбей жүгүргөн тулпардай,

Боюн элден жашырып.

Аскалуу тоодон атылып,

Ак шумкар учуп шаңшыган.

Өзүңдөй уулду өстүргөн,

Айланам кыргыз калкымдан.

Сөз сүйлөсө асылдай,

Сөздүн кунун качырбай.

Кунт коюп угуп талдаган,

Кумдан тапкан алтындай.

Сөз айтса айтып нускасын,

Сүйлөгөн дайым кыскасын.

Таза жүргөн такыба.

Кудай деп баштап иш башын.

Ыйманды ыйык туттуңуз,

Кадыр барк элден уттуңуз.

Зыярат кылып Меккеге,     

Дубайга чейин учтуңуз.

Салмагы сары алтындай,

Чындыкты айткан тартынбай.

Баалаган ишиң баарынын,

Көңүлдөн сырт калтырбай.

Жактырбай ала барманды,

Барктаган барктуу балбанды.

Камкордук көрүп аталык,

Өссүн деп турган балдарды.

Сын айтса ага терикпей,

Иш кылган эч бир эрикпей.

Маанисин иштин чыгарган,

Баткенде бышкан өрүктөй.

Сөз айтса сая кетпеген,

Улуудан алган өтпөгүн.

Элине болуп саябан,

Чынардай болуп көктөгөн.

Мээримин төгүп жардыга,

Гүл азык берген жалпыга.

Кыйынчылык күндөрдө.

Тирөөч болуп калкына.

Кыянат ишке барбаган,

Эмгектен такыр талбаган.

Элине тилеп жакшылык.

Өмүрүн журтка арнаган.

Балдардын оңдоп катасын,

Мээримиң төккөн атасың.

Эл менен болуп жүргүн деп,

Нускалуу сөзүң айткансың.

Токо, Ала Тоодой токтоосуң,

Тоодон бүткөн окшойсуң.

Өзгөгө тилеп жакшылык,

Мээримиң менен коштойсуң.

Болсун деп тилеп балага,

Мектеп да куруң жан ага.

Алтып медаль тагындың,

Эмгегиң кетпей талаага.

Зарыл деп курдуң эл үчүн,

Заводуң иштеп күнү-түн.

Көптөрү аны көрө албай,

Зар болуп айтат күйүтүн.

Ишиңден таап сыймыкты,

Элиңе бердиң сыйлыкты.

Эч ким жолдон тосо албайт,

Кудай берген буйрукту.

Ажалга айла жок экен,

Айласыз бердик тапшырып.

Сообун Токо аласыз,

Жерде жатпайт жакшылык.

Бейиштен Токо жайберсин.

Жатабыз жерге жашырып.

Кайрылбай кетип барасыз,

Эмгекти элге калтырып.

Кылымдар жашай бересиз,

Эл ичинде айтылып.

Даңазалай беришет,

Даңкыңды элиң арттырып.

Абдымомун КАЛБАЕВ, акын-жазуучу, Аксы району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17