Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,781 Бардыгы / ОШ. Кыргыз Улуттук маданияты орду толгус жоготууга учурады. 85 жаш курагында живописчи, график, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Мындан тышкары Баатыр Жалиев 1977–жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз Сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. Чыгаан сүрөтчүнүнүн чыгармачылыгы өнөр жай […]
1,782 Бардыгы / ОШ. Кыргыз Улуттук маданияты орду толгус жоготууга учурады. 85 жаш курагында живописчи, график, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Мындан тышкары Баатыр Жалиев 1977–жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз Сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. Чыгаан сүрөтчүнүнүн чыгармачылыгы өнөр жай […]
ЭЛ СҮРӨТЧҮСҮ БААТЫР ЖАЛИЕВ ДҮЙНӨ САЛДЫ
01.06.2020 / Автор aymak1,783 Бардыгы /
ОШ. Кыргыз Улуттук маданияты орду толгус жоготууга учурады. 85 жаш курагында живописчи, график, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды.
Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Мындан тышкары Баатыр Жалиев 1977–жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз Сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген.
Чыгаан сүрөтчүнүнүн чыгармачылыгы өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Ал өлкөбүздөгү эпкиндүү курулуштарды, элет жерлериндеги өзгөрүүлөрдү көркөм чагылдырып, мезгилдин кеңири полотносун жараткан. Сүрөтчүнүн «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жатат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу чыгармалары Түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте калаарлык галереясын түзгөн. Жанрлуу-портреттүү «Тогуз коргоол» (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.
Айтмакчы, Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, Бүткүл Союздук жана Дүйнөлүк ири көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда дагы сакталып турат. Баатыр Жалиев графика жаатында мыкты картиналардын түрмөгүн жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнөтаанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте калаарлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн абдан бийик деңгээлге көтөргөн.
Атактуу сүрөтчүнүн көп жылдык изденүүсү аркылуу улуттук сүрөт маданиятында “Сизизм” көркөм формасы жана агымы жаралган. Булагымдын негиз салуучусу катары Улуттук Сүрөт өнөрүнө жаңы дем кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк “мектебин” жараткан. Сүрөтчүнүн эмгектери учурда өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет. Баатыр Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, “Эмгектеги артыкчылык” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага Кыргыз Эл сүрөтчүсү ардактуу наамы дагы ыйгарылган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.11.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДА ГЕРМАНИЯЛЫК КОМПАНИЯ БЕТОН ЗАВОД КУРАТ
-
-
-
04.12.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕН ШААРЫНДА БАЛА БАКЧАГА КЕЗЕКТЕ ТУРГАНДАР МИҢДЕН АШТЫ
-
12.12.2023 / Автор anarkan_kg АЙДАРОВДУН «КЫЗЫЛ АЛЧАСЫ»
-
21.12.2023 / Автор anarkan_kg КАДАМЖАЙ ЖАНА ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНДОРУНА ЖАҢЫ АКИМДЕР ДАЙЫНДАЛДЫ
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.