Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

ДОСМАТОВ ЭМИ ОШ ШААРДЫК МЭРИЯСЫНЫН АППАРАТЫН ЖЕТЕКТЕЙТ

ДОСМАТОВ ЭМИ ОШ ШААРДЫК МЭРИЯСЫНЫН АППАРАТЫН ЖЕТЕКТЕЙТ

 15 Бардыгы /

ОШ. Камчыбек Досматов Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Ошентип, жаңы аппарат жетекчиси Ош шаарынын мэриясынын эмгек жааматына тааныштырылды.

Айтмакчы, Камчыбек Досматов буга дейре Президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору катарында эмгектенген. Жаңы дайындоо президенттин 2021-жылдын 17-июнундагы №266- Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо жөнүндө жарлыгына ылайык ротациялоо тартибинде жүзөгө ашырылды.

Баса, Камчыбек Досматов 1988-жылы 21-майда Лейлек районуна караштуу Достук айылында туулган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кенже кызматтан жогорку кызматтарга чейин эмгектенген. Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүндө башкы адис, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинде төрага эле. Акыркы жылдары Президенттин аппаратынын бир топ бөлүмдөрүндө эксперт, жетекчинин орун басары, инспектор кызматтарын аркалап келген. Эки жогорку билимдин ээси. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы кеңешчиси.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17