Аймак

«АТКАРАБЫЗ!»: КЫРГЫЗСТАН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАЗАЛЫК КҮНҮН ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ БЕЛГИЛЕЙТ

«АТКАРАБЫЗ!»: КЫРГЫЗСТАН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАЗАЛЫК КҮНҮН ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ БЕЛГИЛЕЙТ

 1,443 Бардыгы /

Планетаны стихиялуу таштандылардан тазалоо боюнча эл аралык экологиялык акция быйыл 18 –сентябрда коомдук жайларды, жаратылыш парктарын, суу жээктерин жана токойлорду акыр-чикирден тазалоо менен өткөрүлөт.

Бул күнү миңдеген кыргызстандыктар «Эко Деми» коомдук фонду уюштурган дүйнөлүк демилгеге кошулуп, масштабдуу ишембиликке чыгышат.

Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн төртүнчү ирет өткөрүлүүдө. Бул иш-чаранын максаты – мүмкүн болушунча көп адамдын назарын экологиялык абалга буру болуп эсептелет. Активисттер ар бир адамды коомдук жайларда тазалыкты сактоого, жаратылыш ресурстарын тура пайдаланууга, үнөмдөө технологияларын колдонууга жана таштандыдан арылуунун туура жолун тандоону ойлоно жүрүүгө чакырат.

Төрт жылдан бери “Эко Деми” өлкөдөгү акциясынын уюштуруучусу жана«Let’sdoit!» («Аткарабыз!») эл аралык уюмдун расмий өкүлү катары коммерциялык, мамлекеттик жана эл аралык секторлордун өкүлдөрүн чогултууда.

2019 –жылы жасалган аракеттердин натыйжасында Кыргызстан дүйнөлүк акциянын жыйынтыктары боюнча биринчи орунду ээлеген. Республикалык ишембиликке 624 миң адам (өлкөнүн жалпы калкынын дээрлик 10% ы) катышып, алар бир күндө 9 миң тоннадан ашык таштанды чогултушкан. Быйыл бул масштабдуу иш-чарага даярдануу үчүн уюштуруучулар республиканын шаарлары менен аймактарындагы эң булганган жерлердин виртуалдык картасын иштеп чыгышты, эми аларды тазалоо үчүн ыктыярчылар жөнөтүлүшү күтүлөт.

«Бишкек шаары боюнча 100 булганган жер аныкталды. Бул эс алуучу жайлардагы чоң стихиялуу таштанды жаткан жерлер, аларды активисттер тазалашат. Ар бир пунктка лидерлер дайындалат. Алар бүт процесс үчүн жооп беришет жана тазалоо алдында, тазалоо учурунда, андан кийин да сүрөткө тартып, фото отчет даярдашат. Иш-чарага катышуу үчүн атайын каттоодон өтүп, биз менен ошол жерге баруунун кажети деле жок. Анткени менен ар бир адам акциянын катышуучусу боло алат. Жада калса үйдүн короосуна чыгып, кошуналарды чогултуп, тегерек чекени тазалап, жыйынтыгын сүрөткө тартып алсаңыз болот. Бирок ошол эле кезде өзүңүздүн коопсуздугуңузду унутпастан жаракат албаш үчүн кол кап кийип алуу сунуштайбыз”, – деп “Кабар” агенттигинде өткөн пресс -конференцияда “Эко Деми” КФнын негиздөөчүсү Айжан Чыныбаева билдирди.

Ал президенттин аппаратына, министрлер кабинетине, өнөктөштөргө жана ыктыярчыларга жалпы ишке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл уюштуруучулар акцияга дарыгерлерди, мугалимдерди жана мектеп окуучуларын тартылышпайт. Балдар чоңдордун коштоосунда гана тазалоого катыша алышат.

Бирок таштанды чогултуу – бул иштин жартысы гана. Анда эмне кылуу керек? «Таза Ысык-Көл» КФнын директору Анвар Шамсутдиновдун пикири боюнча Кыргызстанда таштандыларды мамлекеттик деңгээлде сорттоо жана кайрадан иштетүү программасын иштеп чыгуу зарыл.

«Технологиялар бүгүнкү күндө кынтыксыз даярдалды. Таштандыны кийин колдонуу үчүн чийки затка айландырса болот. Ошол эле учурда эч нерсени ойлоп табуунун, таштандыларды кайра иштетүүчү ири заводдорду куруунун кажети жок. Бул көйгөйдү ийгиликтүү чечүү үчүн колдонула турган- мобилдик тикемелер бар», – деди Анвар Шамсутдинов.

Активисттер бир эле күн 18-сентябрь менен чектелип калбайт. “Эко Деми” экологиялык көйгөйлөр менен жети жылдан бери алектенип келет. Бул убакыттын ичинде ыктыярчылар таштанды чогултуу боюнча миңдеген акцияларды өткөрүштү, жүздөгөн тонна таштандыларды чогултушту, ондогон стихиялуу жана уруксатсыз таштандыларды жоюшту. Аны менен кошо адамдардын аң -сезими да акырындык менен өзгөрүүдө. Өлкө тазарып баратканына конкреттүү далилдер да бар. Ошентип фонддун жетекчисинин айтымында “Алтын кум” пансионатынын жетекчилигинин аркасы менен Ысык-Көлдөгү эң кир жээктердин бири тазарды. Күн сайын андагы 20 гектар аянттан үч тонна таштанды чыгарылат.

«Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнөн кийин биз Бишкек шаарында жана аймактарда билим берүү мекемелери үчүн жаңы долбоорду баштоону пландап жатабыз. Мектеп окуучуларынын арасында сүрөт сынагы жарыяланат. Балдардын жаратылышка болгон сүйүүсүн калыптандыруу, керектөөчүлүк мамилени чыгармачылыкка өзгөртүү маанилүү.  Мындан тышкары, насаатчылыктын демилгесинин алкагында 100 компанияга атайын аймактар бөлүнүп берилип, ал жерди алар жетекчилигине алышып, өнүктүрүүгө, жашылдандырууга жана тазалыгын көзөмөлдөөгө багытталган иш-чараларды жүргүзүшөт”, – деп жыйынтыктады «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова.

Бүгүн “Эко Деми” коомдук фонду таштандыларды тура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү айыптарды киргизүү үчүн административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөдө. Эгерде кылмышкердин айып пул төлөөгө акчасы жок болсо, активисттер аны коомдук иштерге тартууну сунуштайт. Бул демилге үчүн учурда 10 миңге жакын кол топтолду. Мындан сырткары жарандык активисттер менчик жер тилкелеринин ээлери тазалыкты сактоого, эс алуучулардын таштанды таштабашына кам көрүүгө жана ошол жерге толук жооптуу болуусуна милдеттендире турган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташууда.

Эске салсак, “Келгиле, аткарабыз!” кыймылы 2008 –жылы Эстонияда пайда болгон, анда 50 миң активист өлкөнү 5 саатта 10 миң тонна таштандыдан тазалаган. Бул акция дүйнө жүзү боюнча экологиялык долбоорлордун жана жарандык демилгелердин башталышына түрткү болгон.

Биринчи дүйнөлүк тазалык күнү 2018 -жылдын 15 -сентябрында уюштурулган. 2019 -жылы планеталык ишембиликте 180 өлкөдөн 21,2 миллион катышуучу бириккен. 2020 –жылы глобалдык пандемия себеп болгон чектөөлөргө карабастан глобалдык акцияга 11 миллион адам катышкан. Быйылкы жылы да, кайрадан экологиялык көйгөйлөрдү тааныган жана аларды глобалдык деңгээлде чечүүнү каалаган 180 өлкө – катышуучу өздөрүнүн мамлекет башчылары менен биргеликте таштандыдан тазалоо акциясына чыгышат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17