Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,363 Бардыгы / “2021-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу” Бишкекте өтө турган мелдештин финалында аныкталды. Ал жерде сегиз айга жакын күч сынашкандан кийин эң мыкты мектеп ашпозчулары өнөрүн көрсөтүштү. Алгач өлкөдөгү 57 мектептин ашпозчулары биринчи баскычка катышып, бир нече айлампадан кийин беш ашпозчу финалга өттү. Мелдеш Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Кыргыз Республикасынын Билим берүү […]
1,364 Бардыгы / “2021-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу” Бишкекте өтө турган мелдештин финалында аныкталды. Ал жерде сегиз айга жакын күч сынашкандан кийин эң мыкты мектеп ашпозчулары өнөрүн көрсөтүштү. Алгач өлкөдөгү 57 мектептин ашпозчулары биринчи баскычка катышып, бир нече айлампадан кийин беш ашпозчу финалга өттү. Мелдеш Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Кыргыз Республикасынын Билим берүү […]
Пайдалуу жана даамдуу: ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН КОЛДООСУ МЕНЕН МЕКТЕП АШПОЗЧУЛАРЫ ӨЗ ӨНӨРЛӨРҮН КӨРСӨТҮШТҮ
11.11.2021 / Автор anarkan_kg1,365 Бардыгы /
“2021-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу” Бишкекте өтө турган мелдештин финалында аныкталды. Ал жерде сегиз айга жакын күч сынашкандан кийин эң мыкты мектеп ашпозчулары өнөрүн көрсөтүштү.
Алгач өлкөдөгү 57 мектептин ашпозчулары биринчи баскычка катышып, бир нече айлампадан кийин беш ашпозчу финалга өттү. Мелдеш Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Индустриалдык тамактануу институту (SIFI) тарабынан колдоого алынды.
Өлкөнүн булуң бурчунан мелдешке катышууну каалаган ашпозчулар алгач кантип бул кесипти тандаганы тууралуу баяндарын жөнөтүшкөн. Экинчи баскычта калыстар тобу ашпозчулардын бул кесипти кантип тандап алганы тууралуу мыкты аңгемелерин аныктаган. 35 мыкты ашпозчу тандалып, мектеп менюсуна жаңы рецепти иштеп чыгышкан. Эң чыгармачыл беш рецепти түзгөн ашпозчулар 11-ноябрда финалда өз өнөрүн көрсөтүштү.
Бул мелдеш мектеп окуучуларынын ысык тамагын даярдоодо жана тейлөөдө өз өнөрлөрүн көрсөтүп келген мектеп ашпозчуларынын эмгегин даңазалоо, ошондой эле өлкөнүн келечеги болгон балдардын туура тамактануусунун маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулууда. Мектеп ашканаларында даярдалган даамдуу тамак-аш коомчулукта тамактануу маданиятын тарбиялайт. Айталы, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Улуттук статистика комитети менен бирге жүргүзгөн акыркы изилдөөсүнө ылайык, туура эмес тамактануу Кыргыз Республикасындагы ден соолукка кедергисин тийгизген негизги фактору бойдон калууда.
“Мектеп бул жөн гана билим ала турган жай эмес, бул келечектеги коомчулуктун тиреги болгон жарандарды тарбиялаган жай жана мектептерде балдарды ар түрдүү азыктар менен камсыз кылуу – дени сак жарандарды калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет,- дейт Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу Майкл Хаггинс,- Демек мектеп ашпозчуларынын чыгармачылыгы, талыкпаган эмгеги балдардын жаркын келечегине өбөлгө түзөт”.
Мектеп ашпозчуларынын мелдеши улуттук мектеп тамак-аш программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Программа өлкө боюнча 800дөн ашуун мектептеги 220 миңден ашуун баштапкы мектеп окуучуларын сапаттуу тамак менен камсыз кылууда.
“Мектепте тамактандыруу балдардын окуусуна көмөктөшөт жана алардын ден соолугун чыңдайт. Улуттук программанын пайдасы мектептен тышкары да байкалат. Биз бүгүн ашпозчуларга ыраазычылык билдирүү жана алардын эмгегин белгилөө үчүн чогулуп жатабыз”, – деди Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү.
2013-жылдан бери Орусия Федерациясынын каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Индустриалдык тамактануу институту менен биргеликте мектепте тамактанууну жакшыртуу программасын ишке ашырып келет. Бул программа улуттук жана жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун жана донорлордун колдоосу менен кеңири таанылган демилге.
Эске сала кетсек, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. Өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттык өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.
Айчүрөк ЖУНУСОВА, Коом менен байланыш адиси
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
-
15.12.2023 / Автор anarkan_kg МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК КОМПАНИЯ БАШТАПКЫ ТӨЛӨМҮ ЖОК ТУРАК ЖАЙ БЕРЕТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.