Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАРДЫН ИШКЕРДИГИ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОЛДООГО АЛЫНАТ

КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАРДЫН ИШКЕРДИГИ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОЛДООГО АЛЫНАТ

 1,386 Бардыгы /

Кыргызстанда бир нече жылдан бери “Курак” аялдар форуму” тарабынан кабыл алууну демилгелеп келе жаткан аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программага кол коюу пландалып жатат.

Эки жыл мурда Экономика министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен программаны иштеп чыгууга киришкен. Ал үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына бардык мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, эксперттер кирген. Ал эми “Курак” аялдар бирикмесинин өкүлдөрү бул мамлекеттик программаны түзүү иштерине активдүү катышкан. Азыркы тапта документтин авторлору жана демилгечилери реалдуу, аткарылуучу жана натыйжалуу программанын кабыл алынышы менен Кыргызстанда алгылыктуу өзгөрүүлөр болот деген ишенимде.

«Аялдардын ишкердигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу менен биз баарыбыз – демөөрчүлөр, өкмөт, бизнес – биригип, чындап зарыл болгон тармактарда биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Бул аянтча өлкөбүздүн өнүгүүсүн жана гүлдөп-өсүүсүн каалагандардын баарын бириктирет”, – дейт Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүнүн элчиси жана “Курак” аялдар форумунун” негиздөөчүлөрүнүн бири Айнура Сагынбаева.

Программанын бет ачары 19-ноябрда дүйнөнүн 144  өлкөсү менен бирге белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк аялдардын ишкердик күнүнө (WED) арналган «Жаратман жана кайраттуу: Кыргызстандык айымдардын ийгиликке карай 30 жылдык жолу» конференциясынын алкагында өтөт. Бул жылыиш-чара чеберер-классы жана дизайнер ДилбарАшымбаеванын мода көргөзмөсүнүн болушу менен Чоң-Алай, Алай жана Ош шаарларында старт алат.

Бишкектеги конференция өтүүчү жерде да кызыктуу баяндамачылардын чыгып сүйлөшү күтүлүүдө жана катышуучулар үчүн пайдалуу жолугушуу пландалууда. Иш-чаранын алкагында “Курак” аялдар бирикмеси тарабынан буга чейин лидер-аялдар, насаатчылар жана журналисттер арасында жарыяланган сынактардын жыйынтыгы боюнча сыйлык тапшыруу аземи болот. Алдыда боло турган иш чаранын эң кызыктуу жана жаркын өзгөчөлүгү  “Ишкер айымдардын жүзү менен” аттуу фото көргөзмөдө. Ак-кара жана ар түрдүү түстөгү отуз фотосүрөт кыргыз аялдарынын өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү тармагындагы 30 жылдык басып өткөн жолун чагылдырат. Ар бир сүрөттө республиканын булуң-бурчунан келген жумушчу аялдардын окуялары камтылган.

Иш-чара 100 айылдык ишкер айымдын катышуусунда салтанаттуу кечки тамактануу менен аяктайт. Конференциянын ишине Кыргызстандын бардык аймактарынан 300 ишкер айым, бизнес тармагынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, алдыңкы эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр келип катышат.

Белгилей кетсек, иш-чарага катышуу үчүн орундардын саны чектелүү.

Конференция 19-ноябрда Манас проспектиси 16 дарегиндеги “NovotelBishkek” мейманканасында саат 13.30дан 17.30га чейин өтөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17