Аймак

ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ӨТТҮ

ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ӨТТҮ

 1,974 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 24-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы өттү.

Саамалык облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында уюштурулуп, сахналаштырылган жаңы жылдык жомок, концерттик программа жана ыр-бийлер менен коштолду. Балаты майрамына 200гө жакын облустун район-шаарларынан келген окуунун алдыңкылары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Облус өкүлү жаш жеткинчектерди келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап,  Жалал-Абад облусунда келечек муундардын татыктуу билим алуусуна түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтып берди. Балдарды мыкты билим алып, жакшы жүрүм-турум менен, досторуна үлгү болуп, ата-энелери, жалпы өлкө сыймыктанган уул-кыздардан болушун тиледи.

Бул жылы Жалал-Абад облусунун башчысынын жаңы жылдык белектери жалпы 500 балага даярдалган. Алар аз камсыз болгон, алдыңкы окуучулар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таратылат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17