Аймак

ОБЛУСТУК ООРУКАНАНЫН ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БӨЛҮМҮ КАПИТАЛДЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТТҮ

ОБЛУСТУК ООРУКАНАНЫН ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БӨЛҮМҮ КАПИТАЛДЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТТҮ

 147 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берүү алдында турат. Азыркы учурда мекемеде тазалоо жумуштары аткарылууда.

Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1984-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдө өткөн эмес. Буга чейин толук шарты жок мекемеде оорулуулар менен бирге, кызматкерлер үчүн да кыйынчылыктар жаралып келген.

Ремонттоо иштери өткөн жылдын август айында башталган. Анын алкагында имараттын чатыры жаңыланып, эшик-терезелери алмаштырылган. Жумуштарды аткарууга жалпы 15 миллион сом акча каражаты сарпталып, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.

Облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 40 орунга ылайыкташтырылган. Бирок пандемиялык абалга байланыштуу 80 орунга көбөйтүлгөн. Бөлүмдө 2020-жылдан тарта COVID-19 илдетине кабылган 1086 адам даарыланган.

Мындан сырткары облустагы медициналык мекемелердеги шарттарды жакшыртуу максатында, Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнүн Бек-Абад айылында жайгашкан оорукананын терапия бөлүмү, Таш-Көмүр шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү да оңдоп-түзөөдөн өттү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17